Өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп бергени жатат. Бул тууралуу 24-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.
Мындай эреже 1-декабрдан тартып киргизилип, ар бир жергиликтүү бийлик өзүнүн карамагындагы аймак үчүн жооптуу болсун деген сунуш түштү. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөйт жана жооптуу болот.
Штабда жалпы билим берүү мекемелеринин, кинотеатрлардын жана экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнүн ишине уруксат берүү маселеси талкууланып, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын алгоритмдер иштелип чыгары белгилүү болду. Республикалык штаб аймактардагы COVID-19 боюнча абалды жалпысынан көзөмөлдөп турары айтылды.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жамааттарда Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларын чектөө же таптакыр тыюу салуу маселесин да караштырыш керек экенин белгиледи.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1241и көз жумду. Азыр ооруканада жаткан 2948 бейтаптын 147синин абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат.
Кыргызстанда коронавирустун айынан абалы өтө оорлоп кеткен бейтаптар көбөйүүдө. Расмий маалыматка караганда, ооруканада жаткан 2948 бейтаптын арасынан 64үнүн гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат.
24-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, бейтаптардын 4,9% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 147 адам. Бир апта мурда абалы өтө оорлордун саны 113 болчу.
800 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 27% түзүүдө.
Мындан тышкары 1937 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66% барабар.
Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1241и көз жумду.=\ъ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1241 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 481 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (176) жана Бишкек шаарында (124).
Оору жуккандардын жалпы саны 70 366 кишиге жетти. Бир күндө 433 адам айыгып чыкты.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3831 адамга жетти, алардын 3662си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды.
Азыр ооруканаларда 2948 бейтап жатат, дагы 3829 адам үйүндө дарыланууда.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы Оксфорд университети менен чогуу даярдап жаткан вакцинасынын натыйжалуулугу 90% чейин жетиши ыктымал экенин билдирди. Сыноонун соңку баскычында эки вариантта эмдөө болгон. Биринчисинде, ыктыярчыларга алгач жарым доза, бир айга жакын убакыттан кийин толук доза вакцина берилген. Бул убакта вакцинанын натыйжалуулугу 90% деп көрсөтүлгөн. Британия менен Бразилиядагы сыноо учурунда кандайдыр бир олуттуу учурлар болгон эмес.
Вакцина сыноонун экинчи вариантында толук доза бир айдын ичинде тогуз миңдей ыктыярчыга сайылган жана анын натыйжалуулугу 62% жеткен.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон муну «фантастикалуу жаңылык» деп атады, бирок коопсуздук үчүн текшерүү иштери зарыл экенин белгиледи.
Буга чейин америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноолор препарат 95% натыйжалуу экенин, ал аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөткөнүн билдирген.
«Pfizer» «BioNTech» компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.