Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкек шаарынын, бири Ош облусунун тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандар 1277 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 335 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (107) жана Бишкек шаарында (84).
Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 73 513 кишиге жетти.
Бир күндө 478 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2651 адам жатат, дагы 3600 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3932 адамга жетти, алардын 3623ү айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
"Формула-1" эл аралык автожарыштын көп жолку чемпиону Льюис Хэмилтон ("Мерседес" командасы) коронавируска кабылды жана мындан улам ушул дем алышта Бахрейндеги Сахира Гран-приси үчүн мелдешке катыша албай калды.
Өткөн аптада Хэмилтон үч жолу тест тапшырып, үчөөндө тең оору аныкталган эмес. Бирок анын командасы спортчу дүйшөмбүдө эртең менен ойгонгондо эле оорунун жеңил белгилерин байкаганын, кайталап тапшырган тести оң чыкканын, бирок өзүн жакшы сезип жатканын билдирди.
Бахрейдин медициналык талаптарына ылайык, 35 жаштагы Хэмилтон өзүн өзү обочолоду. Ал "Формула-1дин" жети жолку чемпиону болуп, дүйнөлүк рекорд койгон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондордун саны 63,3 миллион адамдан ашты, бул илдеттен 1,47 миллиондой бейтап көз жумду.
АКШнын президенти Дональд Трамптын коронавирус боюнча кеңешчиси Скотт Атлас кызматтан кетти. Ал мындай чечими тууралуу "Твиттердеги" баракчасына "Мага Дональд Трампка жана Америка элине ушундай кыйчалыш кырдаалда кызмат кылган сыймык болду",- деп жазды.
Атластын коомдук саламаттык, же инфекциялык оорулар жаатында тажрыйбасы болгон эмес жана ал Трамптын кеңешчиси болуп төрт ай иштеди. Ал убактылуу эмгек келишими менен ишке алынган, анын мөөнөтү ушул аптада аяктайт.
Атлас жапырт беткап тагынып, социалдык аралыкта сактоо, мектептерди жабуу сыяктуу карантин чараларын колдогон эмес жана мындан улам коомчулукта, окумуштуулар чөйрөсүндө сын-дооматка кабылган.
АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи аны Трампка берген маалыматтарынан улам айыптаган.
Скотт Атлас өткөн айда Орусиянын мамлекеттик «Russia Today» каналына чыккан маеги үчүн кечирим сураган. Анда бул телеканал Кошмо Штаттарда чет элдик агент катары таанылганы боюнча маалыматы жок болгонун билдирген.
«Russia Today» каналын мындан туура үч жыл мурун АКШнын атайын кызматы «мамлекет башкарган үгүт машинеси» деп мүнөздөгөн баяндама жарыялаган соң чет элдик агент катары катталган.
1-декабрдан баштап Түркияда иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.
30-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында кайрадан коронавируска байланышкан чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, өлкөдө ишканалардын баары кечки саат сегизде толук жабылышы керек.
Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандарга коомдук транспорт колдонууга тыюу салынды.
Ошондой эле жаназаларда мечитке 30 кишиден ашпаган киши гана намазга кирери айтылды. Той-топурларга, жаңы жылды масштабдуу майрамдоого да чектөөлөр кирди.
Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок.
Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 30-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 13746 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 500 миңден ашып, алардын 405 миңге жакыны айыгып чыкты.