- Черногориянын бийлиги "өлкө коронавирустан арылды" деп жарыялагандан бир ай өтпөй, кайрадан карантин киргизүүгө аргасыз болду. Бийлик бул кадамы менен коронавирус жугузуп алгандардын санын азайтууга аракеттенүүдө. Өлкөдө акыркы он күндө коронавирус илдетин жуктуруп алган жүздөн ашуун адам катталды.
- Сербияда акыркы суткаларда коронавируска чалдыккандардын саны өскөндүктөн, серб бийлиги бир нече оорукананы жалаң вируска чалдыккандарды дарылоочу жайга айлантты.
- Хорватия Сербиядан жана башка балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эки жумалык карантин жандантыларын мурдараак кабарлаган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада коронавирус эпидемиясы кайра күчөшү ыктымалдыгын маалымдаган. Анын ичинде Борбор Азиядан тартып, Батыш Европага чейинки жети аймак, 54 өлкө камтылган.
Коронавирус күч алган өлкөлөрдүн ичинде Швеция, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Украина бар. Бул аймактарда күнүнө 20 миңге чейинки адам коронавируска чалдыкса, 700гө чукул киши оорудан көз жумууда.
Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавируска чалдыкты. Бул маалыматты аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.
Ага ылайык, 27-июнга карата коронавирус жугузганы аныкталгандардын ичинде президенттик аппараттын тогуз кызматкери жана аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар.
26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырган.
Маалыматта “Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин көзөмөлүнө алынган. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык” деп кабарланган.
Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калган. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Мамлекет башчыныкы таза чыкканы маалымдалган.
Президенттик аппараттын кызматкерлеринен коронавирус илдети аныкталгандан кийинки президент тапшырган ПЧР-анализдин жыйынтыгы таза чыккан.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мамлекет башчы биринчи тестти Москвадан Бишкекке учуп жатканда, экинчисин Бишкекке келгенден кийин тапшырган.
“ПЧР-анализдин экөө тең таза чыкты. Президент учурда өз алдынча обочолонуу шартында иштеп жатат”, - деди Толгонай Стамалиева. (Толук маалымат бул жерде)
Коронавирус кыргыз өкмөтүнүн 15 кызматкеринен жаңы, 11 кызматкеринен эки күн мурда аныкталганын өкмөттүн маалымат кызматы 27-июнда кабарлады.
Маалыматка караганда вирус аныкталгандардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана жардамчысы бар.
Вирус табылган кызматкерлер санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык үй карантининде дарыланып жатышат. Алар менен байланышта болгон өкмөттүн аппаратынын жетекчиси – министр Таалайбек Темиралиев обочолонду.
Өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлеринин көпчүлүгү обочолонгон режимде иштеп жатат.