Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан үч бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:
"54 жаштагы аял бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, 67 жаштагы эркек бейтап Ош шаардык клиникалык ооруканасында жана 61 жаштагы эркек бейтап Ош гуманитардык университетинин клиникасында кайтыш болду".
Бир сутка ичинде коронавирус 269 адамдан жаңы аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 138. Чүй облусунда 43, Жалал-Абад облусунда 26, Ош шаарында 23, Ысык-Көл облусунда 16, Талас облусунда тогуз, Ош облусунда алты, Нарын жана Баткен облустарында төрттөн адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 52 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.
Бишкек шаарында өпкөсүнөн кагынып (пневмония) "Тез жардамга" кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Жайында дээрлик катталбаган пневмония бир күндө 73 адамдан аныкталганын 29-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектеги Ыкчам медицина борборунун (“Тез жардам”) жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, бул оору 24-июнда 57, ал эми 25-июнда 48 адамдан аныкталган.
Шаяхметов буга чейин билдиргендей, жай мезгилинде мындай диагноз менен кайрылгандар такыр катталчу эмес, башка убактарда бир күндө ашып кетсе үч учур болчу.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Социалдык түйүндөрдө өпкөсүнөн кагынып, бирок анализи коронавирустан таза чыгып жаткан бейтаптар да көп экенин кабарлагандар арбыды.
Көз каранды эмес адистер Кыргызстанда колдонулуучу анализдөө ыкмалары коронавирусту так аныктай албай жатканын белгилөөдө.
29-июндан тартып пневмония болгондор да коронавирус үчүн даярдалган ооруканаларга жаткырылмай болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.
Өкмөт коронавируска байланыштуу айрым ооруканалардан кошумча орундарды даярдап жатат.
Кыргызстанда быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан (пневмония) 54 адам кайтыш болду. Бул тууралуу 29-июнда онлайн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Министрдин айтымында, алардын 48и Бишкекте, алтоо республиканын башка аймактарындагы ооруканаларда көз жумган.
Абдикаримовдун белгилешинче, мындай диагноз менен ооруканага жаткырылгандардын өлүмү июнь айынан тартып каттала баштады.
Маалыматка караганда, бул аралыкта ооруканаларга "пайда болуу себеби аныкталбаган пневмония" деген диагноз менен 1145 адам жаткырылган. Алардын 564ү айыгып кетти. 525и азыркы учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жатышат, алардын ичинен 408и Бишкекте, 117си аймактарда.
Өкмөт соңку күндөрү "Тез жардам" кызматына кайрылгандар аябай көбөйгөнүн айтууда.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Бишкектин "Тез жардам" кызматынын маалыматына караганда, мурда жайкысын дээрлик учурабаган пневмония соңку бир суткада эле 73 адамдан аныкталды.
Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус деген диагноз 5017 адамга коюлду, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294ү айыгып кетти.
Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду деген бейтаптардын баарында азыр коронавирус экенин көз каранды эмес адистер буга чейин айтып келишкен.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө карантин чараларын кайра киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, өлкөдө өзгөчө абал аяктаган 11-майдан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны жети эсе көбөйдү. Токаев 29-июнда өткөн видео жыйында вирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады.
Ошондой эле Казакстанда март айында киргизилген чектөөлөргө окшош чаралар зарыл экенин ишара кылды. Төрт күн мурда Токаев саламаттык сактоо министрин алмаштырган болчу.
Казакстанда соңку бир сутканын ичинде 1613 адамдан коронавирус табылды. Натыйжада өлкөдө анализинен коронавирус чыгып, бирок белгилери байкалбаган адамдарды кошкондо өпкөнү сезгенткен илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 37 966га жетти.
Расмий статистикага ылайык, коңшу өлкөдө эпидемия башталгандан бери 178 бейтап коронавирустан каза тапты. Бирок казак бийлиги анализинен коронавирус табылса да, башка өнөкөт оорулардан көз жумган бейтаптар бул тизмеге кошулбаганын билдирип келет.