Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда Бишкекте өткөн брифингде саясий партияларды парламенттик шайлоого жумшай турган каражаттарын коронавирус менен күрөшкө салууга чакырды.
«Кыйчалып турган эл ар бириңиздердин эмгегиңиздерге, салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенем. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз», - деди Боронов.
2-июлда онлайн брифингде маалымат берип жатып ал коронавирус эпидемиясына байланыштуу сырттан өнөктөш уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 645 миллион доллар суммасында каражат тартуу макулдашылганын айтты. Сырттан келген акчалай жардам тууралуу эл арасында айтылып жаткан дооматтарды «ушак» деп атады.
Боронов билдиргендей, бул акчанын 627,3 миллиону финансылык жардам катары, ал эми 17,7 миллиону гуманитардык жардам иретинде бөлүнүүдө.
Өкмөт башчы бүгүнкү күнгө карата сырттан суралган акчанын 291 миллиону келип түшкөнүн жана «каражатты өкмөт жеп-ичип алды» деген сөздөр негизсиз экенин айтты:
«Президент сырттан алып келүү тууралуу сүйлөшкөн 645 миллион доллардын 291,9 миллиону келип түшкөн. Бул каражат бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалууда. Калган акча келиши күтүлүүдө. «Жеп-ичип алышты» деген сөздөр боюнча айтарым - андай маселе жок. Сайттарга жарыяланып жатат, бирок ошого карабастан эл арасында ар кандай ушак сөздөр айтылууда».
Кубатбек Боронов Кыргызстан мындан тышкары Кытайдан 500 кычкылтек концентратын сатып алганын жана ал 3-июлда Бишкекке учак менен жеткирилерин айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта саламаттык сактоо мекемелеринде 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентраты бар.
«Гуманитардык жардам катары 23 ИВЛ аппарат, 52 кычкылтек концентратын, 30 БИПАП аппаратын, 5 СИПАП аппаратын алдык. Донорлордун каражатынын эсебинен 63 ИВЛ аппаратты жана 111 кычкылтек концентратын сатып алабыз. Өкмөт тарабынан дагы кошумча 50 млн. сом бөлүндү. Бул акча да медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат».
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Түркиядан да 50 ИВЛ аппатар жана 50 кычкылтек концентраты алынып жатканын кабарлады.
Кийинки күндөрү Кыргызстанда коронавирус боюнча абал курчуп турганын, дарыгерлердин шайы кеткенин, медициналык жабдык жетишсиз экенин Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүүдө.
Коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин кошумча айлыгы көбөйтүлөт жана июнь айынын акчасы 10-июлга чейин төлөнүп берилет. Бул тууралуу 2-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.
Июнь айынын тартып кошумча маяна эл чогулткан акчадан эмес, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилмей болду. Бороновдун айтымында, март айы үчүн кошумча акы 21инен баштап эсептелген.
“Март айына 32 миллион сом, апрелге 132 миллиондун тегерегинде, май айына 8991 медицина кызматкерине 109 миллион сом төлөнүп берилди. Кээ бир учурда маселе жаралып жатты, бирок анын баары банктагы картасына которулгандыктан реквизиттери туура эмес жазылып калган же башка ушул сыяктуу себептерге байланыштуу болду. Тилекке каршы, ушундай маселе көбүрөөк катталды. Ал эми июнь айыныкын 10-июлга чейин аймактарга толук которуп, жеткиргиле деп тапшырма берилди. Айлык маянасын гана эмес, кошумча төлөмдөрдү да алып бүтүшү керек болот".
Июнь айына республикалык бюджеттен 109,6 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.
Дүйнөлүк саламатттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясы мурда болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып жатканына кабатыр болуп жатканын билдирди. Уюмдун эсебинде, ушул тушта дүйнө жүзүндө күн сайын COVID-19 жукккан 160 миңден ашык учур катталып жатат.
АКШда эле оору жугузуп алгандар бир күндө 50 миңден ашык болуп көбөйдү. Кошмо Штаттарда коронавируска кабылгандар 2,7 миллион кишиге жетти. Ушундан улам айрым штаттарда кайрадан карантин киргизиле баштады жана карантин эрежелерин жумшартуу кийинкиге калды.
Кошмо Штаттарда бул илдеттен 128 миңден ашык бейтап каза болду.
Ал арада оорудан эң көп жабыркаган Бразилияда жагдай оңоло элек. Бул өлкөдө илдетти 1,5 миллионго жакын адам жугузуп алды. Коронавирустан 60 миңдей бейтап көз жумду.
Коңшу Казакстанда коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүк комиссия «эпидемиологиялык жагдайды жөнгө салыш үчүн» 5-июлдан тартып кеминде эки жумалык катаал карантин киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.
Ага ылайык, эл көп катышуучу иш-чараларды өткөрүүгө, жоон топ болуп жүрүүгө, көчөлөрдөгү кыймылга чектөө киргизилет. Парктарда үч адамдан көп чогулууга болбойт. Аймак аралык жана эл аралык аба каттамдар, темир жолдогу кыймыл толугу менен токтобойт, бирок бир катар чектөөлөр киргизилет.
Мекеме-ишканалардагы жамааттын бери дегенде 80% аралыктан, үйлөрүнөн иштеши керек. Медициналык жайлар алдын-ала жазуу тартиби менен гана кабыл алат. Сулуулук салондорунун, спорт мекемелеринин, жабык базарлардын ишине да убактылуу тыюу салынышы ыктымал экени кабарланды.
Дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандар 10,5 миллион адамга жакындады жана оорудан жарым миллиондон көп бейтап ажал тапты.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай 2-июлда «Твиттердеги» баракчасына экс-президенттин коронавируска кайталап тапшырган анализдери таза чыкканын жазды. Ал Назарбаев дагы эле обочодо болорун белгилеп, мындай билдирүүсүнө спорт костюмчан, кара көз айнек тагынган Назарбаевдин сүрөтүн кошо тиркеди.
Назарбаевге коронавирус жуканы 18-июнда белгилүү болгон. Басма сөз катчысы жергиликтүү басылмаларга анын оорусу жеңил өтүп жатканын билдирген.
Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев былтыр кызматтан кетерин күтүүсүз жарыялаган. Ал 6-июлда 80 жаш курагын белгилейт. Анын туулган күнү менен Нур-Султан шаарынын күнү чогуу майрамдалып, жыл сайын баш калаада ири салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлчү. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам анын баары болбой калды.
Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 230 адам. Чүй облусунда - 151, Ош шаарында 36, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 21, Баткен облусунда 19, Ош облусунда 14, Нарын облусунда тогуз жана Талас облусунда бир адам.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 6767 адамга жетти.
- Бишкек шаарында – 2833
- Чүй облусунда – 1429
- Ош облусунда – 509
- Ош шаарында - 711
- Жалал-Абад облусунда – 408
- Нарын облусунда – 506
- Баткен облусунда – 127
- Ысык-Көл облусунда – 164
- Талас облусунда - 80 киши.
Алардын 994ү медкызматкерлер, 484ү айыкты.
10 адам кайтыш болду. 3-июлга карата каза болгондордун жалпы саны 76 кишиге жетти.
Үй шартындагы изоляцияда 3398 адам бар. 2 655 адам айыкты. Стационарда 638 адам бар, 99 адамдын оор абалда, 19 адам реанимацияда.