Ош облустук аймак аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов бүгүн, 8-июлда каза болду. Ал ооруканага үч күн мурун түшкөн. Алгачкы диагноз «эки тараптуу пневмония» деп коюлган. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун кесиптештери билдиришти.
Ал эми анын коронавирус оорусуна чалдыкканы так белгисиз, тапшырган анализдин жыйынтыгы чыга элек болгон. Дарыгердин өлүмүнүн так себеби паталогоанатомиялык иликтөөдөн кийин белгилүү болору маалымдалды.
Жангара Абдыхаликов аталган оорукананын ЛОР бөлүмүн 1986-жылдан бери башкарып келе жаткан. «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» наамын, бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды, ооруканада жаткан жети кызматкер айыгып, үйүнө чыкты.
Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан төрт, пневмониядан 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу 9-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 77 жаштагы эркек, Жайыл аймактык ооруканасында 62 жаштагы аял жана 55 жаштагы эркек, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек бейтап.
Пневмония болгон 42 адамдын 21и Бишкекте.
Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 361 адамга коюлду, дарыланып жаткан 70 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.
Коронавирус жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116 бейтап кайтыш болду, 3053 бейтап айыгып кетти.
Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти. Соңку бир суткада өпкөсүнөн кагынып, ооруканага жаткырылгандардын 134ү Бишкекте.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бир суткада бул илдет көп сандагы медицина кызматкерине жуккан алгачкы учур катталды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 9-июлда кабарлагандай, кечээтен бери COVID-19 диагнозу 83 медкызматкерге коюлду.
Алардын 22си Ош шаарында, 20сы Бишкекте. Ош облусунда 12, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сегизден, Баткен жана Чүй облустарында бештен жана Нарын облусунда үч кызматкер.
Соңку бир сутка ичинде ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан медкызматкерлердин ону айыгып, үйүнө чыкты.
Жалпысынан вирус 1370 дарыгерге жукту, алардын 532си айыгып кетти, бешөө кайтыш болду.
Акыркы жолу ооруну жугузуп алгандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 7-июлда катталган - бир суткада 78 медкызматкер болгон.
Дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар бардык кыргызстандыктарга кайрылган жана эмгек өргүүсүндө жүргөндөрдү ишке чыгууга чакырган.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.
Казакстанда соңку бир күндө 1962 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Жаңы катталган бейтаптардын 1209унда COVID-19дун симптомдору байкалбаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ушуну менен коңшу өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын жалпы саны 53 миңден ашты.
Вирусту жугузуп алгандардын үчтөн бир бөлүгү же 6814 адам өлкөнүн батышындагы Каспийди бойлой жайгашкан Атырау облусуна туура келет. Бир күн мурда аталган облус коронавируска чалдыккандардын саны боюнча баш калаа Нур-Султандан (6177 бейтап) өтсө, бүгүн Алматыны (6678) да артка калтырып, биринчи орунга чыкты.
Расмий маалымат боюнча, Казакстанда 260тан ашуун адам COVID-19дан каза тапты. Буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дагы 100дөн ашуун кишинин анализинен коронавирус табылса да, "башка оорудан каза болгонун" билдирген. Көз карандысыз эксперттер өлгөндөрдүн чыныгы саны расмий айтылгандан алда канча көп экенин билдирип жатышат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду COVID-19дан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады.
9-июлга карата дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алгандардын саны 12 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, илдеттен көз жумгандардын саны 550 миңге чукулдады.
COVID-19га чалдыккандардын дээрлик төрттөн бири АКШга туура келет. Кошмо Штаттардын Флорида, Техас, Аризона жана Калифорния баштаган бир нече штатында вирус кайра күч алды.
Бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алган үч миллиондон ашуун адамдын 132 миңдейи каза болду.
Илдет эң көп жайылган мамлекеттердин тизмесинде АКШдан кийинки экинчи орунда турган Бразилияда вирус 1,7 миллион кишиге жукту. Үчүнчү орундагы Индияда 742 миң адамдын анализинен коронавирус табылды.
Мексикада акыркы бир сутка ичинде жети миңдей кишиден коронавирус табылып, алардын жалпы саны 275 миңден ашты. Бул өлкө илдетке кабылгандардын саны боюнча Испанияны артта калтырып, сегизинчи орунга чыкты. Мексикада 32 миңден ашуун адам коронавирустан көз жумду.
Австралиянын беш миллиондой калкы бар Мелбурн шаарында вирус жайыла баштагандыктан 9-июлдан тартып кайра карантин киргизилди.
Дүйнөдөгү мындай кырдаалга карабай АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканы турат. Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген.
9-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эркин эксперттердин аталган мекеменин пандемияга каршы чараларын иликтеп чыгышына макулдук бергенин жарыялаган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 9-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан коронавируска чалдыккан биринчи бейтап тууралуу так маалымат ала албаганын, Бээжин эпидемия учурунда ички каттамдарды жапканы менен жарандарына чет өлкөгө чыгууга уруксат бергенин билдирди.
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун бюджетинин 15 пайызы Кошмо Штаттардан келет. Трамптын администрациясынын уюмдан чыгуу чечими АКШнын өзүндө да, Вашингтонго өнөктөш мамлекеттерде да сынга кабылган. 9-июлда Бээжиндин башкы дипломаты Ван И Кытай менен АКШнын алакасы соңку 40 жылдан ашык убакыттан берки эң олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын айткан.