11-июлда өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Алардын 20сы Бишкек шаарында, 34ү Чүй облусунда, сегизи Ош шаарында, үчөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Нарын облусунда. Акыркы бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 1529 медициналык кызматкер катталган. Анын ичинен 546 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Буга чейин өлгөндөрдүн расмий саны алтоо экени кабарланган. 11-июлда каза болгон медкызматкерлердин саны айтылган жок.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.
Кошмо Штаттарда соңку бир суткада 63 миңден көп кишиден коронавирус аныкталды. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык бул мамлекетте аталган илдетке кабылгандардын саны 3,1 миллиондон ашты. 134 миңден ашуун адам каза тапты.
Адистер жакынкы күндөрү оорудан өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Президент Дональд Трамп коронавируска кабылгандардын көбөйүшүн жапырт тесттен өткөрүүнүн өсүшүнө байланыштырууда. Башкалар карантинден кийин коомдук жайлардын ачылышынан көрүшүүдө.
АКШдан кийинки орунда Бразилия турат. Соңку 24 саат ичинде бул өлкөдө коронавирусту 45 миң адам жугузуп алып, 1200 адам андан каза тапты. Инфекцияга кабылгандардын жалпы саны 1,8 миллиондон ашты.
Казакстанда июль айынын биринчи аптасында эле 40 миңдей киши пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал пневмония менен жабыркагандардын жарымынын анализинен коронавирус табылбаганын кошумчалады.
Министрдин айтымында, бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,3 эсе көп.
Цойдун айтымында, жыл башынан бери пневмониядан жабыркаган 99 миңдей адам катталган, илдеттен 1800гө жакын киши көз жумган. Ал эми расмий статистикага ылайык, кошуна өлкөдө коронавирус 55 миңдей кишиден аныкталган.
Казакстанда пневмония менен ооругандардын саны СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошулган жок. Июль айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны жумасына бир ирет гана жарыяланат.
Казак бийлигинин бул кадамын эксперттер сынга алышып, "эпидемиянын чыныгы масштабын жашыруунун аракети" деп билдирип жатышат.
Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу 12-июлда Республикалык штабдан маалымдашты.
COVID-19дан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жаткан 37, 57 жаштагы эки эркек жана 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жаткан 57 жаштагы аял, Ат-Башы аймактык ооруканасында жаткан 64 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында жаткан 36 жана 52 жаштагы эки эркек каза болду. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 132 кишиге жетти.
Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын 19у Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 423 адамга жетти.
12-июлга карата дагы 719 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын 500ү Бишкек шаарында, 96сы Чүй облусунда, 37си Ош шаарында, 20сы Ош облусунда, 10у Жалал-Абад облусунда, 34ү Баткен облусунда, 15и Ысык-Көл облусунда, бирөө Нарын облусунда, алтоо Талас облусунда. Коронавирус жалпысынан 10 629 адамдан табылды.
12-июлга карата маалыматка ылайык, бир суткада 151 бейтап ооруканадан чыгарылган. Республика боюнча жалпы 3387 бейтап айыкты.