Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 28 бейтап каза болду. Бул тууралуу 28-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын маалыматына караганда, COVID-19 илдетинен каза болгондордун ону Бишкекте, тогузу Жалал-Абад облусунда, экөө Нарында, экөө Ысык-Көлдө, экөө Чүй облусунда, бирөө Ош облусунда, дагы бири Ош шаарында, бирөө Талас аймагында. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1329га жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус 548 кишиден жаңы аныкталды. Муну менен өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844 кишини түздү.
- Бишкек 15 000
- Чүй облусу 4552
- Жалал-Абад 2743
- Ош облусу 2510
- Ош шаары 2882
- Ысык-Көл 2282
- Нарын 1423
- Баткен 1411
- Талас 1041
1091 бейтап айыкты.
17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган.
Кыргызстанда бир сутка ичинде сегиз медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу 28-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка караганда, алардын үчөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад дубанында, дагы бири Талас аймагында катталды.
Соңку бир күндө COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткан сегиз медициналык кызматкер айыгып, үйүнө чыкты.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин саны 2691ге жетти, алардын 1520сы айыкты.
28-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1329 киши каза болду. Өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33844кө жетти.
Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавируска кошуп каттай баштаган.
АКШ Сенатындагы Республикачылар пандемияга байланыштуу америкалыктарга 1 триллион долларлык жардам көрсөтүүнү сунуштады.
Муну менен алар жумушсуздуктан жапа чеккен жана пандемиянын кедергисин тарткан америкалыктарга жардам берүүнү көздөп жатышат.
Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл өлкө пандемиядан толугу менен чыга элек маалда америкалыктар жардамга муктаж экенин айтты.
Республикачылар бул боюнча Ак үй менен макулдашууга жетишти, эми демократтар менен компромисс табышы керек.
Кошмо Штаттарда миллиондогон адамдар ушу тапта жумушсуздук боюнча кошумча жөлөк пул алат. 5-апрелден бери ишсиз калгандарга жумасына кошумча 600 доллардан төлөнүп жатат. Анын мөөнөтү 31-июлда аяктайт. Жаңы планга ылайык, жарандар мурдагыдай жумасына 600 доллардан эмес, 200 доллардан алышат.
Республикачылардын бул планын демократтар «жетишсиз» деп сындап чыгышты. Сенаттагы Демократиялык партиянын лидери Чак Шумер «Республикачылардын планы мала чыккан чайдай, биздин маселелер күчтүүрөөк ичимдиктерге муктаж» деп айтты.
Кошмо Штаттар пандемиянын экономикалык кесепеттерин жумшартууга буга чейин 3,7 триллион доллар коротту. Анын алкагында ар бир салык төлөөчүгө 1200 доллардан жардам берилди.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерине гуманитардык жардам алууга тыюу салган жок. Бул тууралуу мекеменин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 28-июлдагы басма сөз жыйында билдирди. Ал дарыгерлерге ыктыярчылар, ишкерлер жана эл аралык уюмдардан жардам алууга тыюу салынганы тууралуу коомчулукта айтылып жаткан сын-дооматтарды четке какты.
«Саламаттык сактоо министрлигинде гуманитардык жардамга тыюу салуу тууралуу эч кандай расмий жарлык же буйрук чыккан эмес. Мындай буйрук аймактарга да жиберилген жок. Биз клиникаларга, дарыгерлерге, негизи эле саламаттык сактоо тармагына тиешелүү көмөк көрсөткөн бардык ыктыярчыларга, ишкерлерге, эл аралык уюмдарга жана катардагы жарандарга чоң ыраазычылык билдиребиз», - деди Акматова.
Коомчулукта, социалдык тармактарда бийлик тараптан дарыгерлердин сырттан жардам алышына тыюу салынганы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкууланып жатат.
Коронавирус пандемиясынын күчөп кетишине байланыштуу июндун этегинен тарта Кыргызстанда дары-дармек, ооруканаларда керектүү жабдыктар жана орун жетишсиздиги күч алган.
Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Түркия, Орусия, Өзбекстан, Кытай сыяктуу мамлекеттерден гуманитардык жардам алды.
Мындан тышкары жергиликтүү жарандар, ишкерлер, ыктыярчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү акча чогултуп, медицина тармагына дары-дармек, жабдуу жактан жардам берип жатышат.
Ал арада социалдык тармакта "Дордой" базарында гуманитардык жардам сатылып жатат деген видео тарады.