Кыргызстанда бир сутка ичинде 569 кишиден лабораториялык жол менен коронавирус аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын 5-августтагы брифингде билдиргенине караганда, вирус жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкек шаары дале биринчи орунда.
Бир күн ичинде илдет табылган 569 кишинин 190у Бишкекте аныкталды. Ал эми Ош шаарында– 84, Чүйдө – 45, Ош облусунда – 64, Таласта – 43, Нарында – 13, Ысык-Көлдө– 41, Жалал-Абад облусунда – 47, Баткен аймагында - 42 адамдан COVID-19 табылды.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирусту 38110 киши жугузуп алды, анын 29510у айыкты. Вирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти.
3-4-августтагы расмий маалыматтарда вирус жаңы аныкталган учурлар 400дүн тегерегинде болуп жаткан.
Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө дарыланып жатканын айтышууда.
Боронов: Коронавирустан толук кутула элекпиз
- Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, №1 оорукана боюнча дооматты Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип, ушундай чечим чыкты.
-
Бишкек шаарында коронавирус пандемиясынан 14 педагог кайтыш болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева 5-августта «Sputnik Кыргызстан» агенттигиндеги онлайн-брифингде билдирди. Анын айтымында, вирустан каза болгон педагогдордун сегизи мугалимдер, экөө мектеп директору, калганы бала бакчаларда иштеген кызматкерлер.
-
Кыргызстанда коронавирус боюнча абал жалпысынан дагы эле оор. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Боронов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) усулу боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүш ыргагы Кыргызстанда 39,2% кемиди. Бирок оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турат. Боронов Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болсо дарыгерлер жетишпей калышы ыктымал экенин да эскертти.
-
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына каршы күрөш үчүн республикалык бюджеттен 2 миллиард 569 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу 5-августтагы брифингде финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдирди.
-
Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандар 700 миң кишиге жетти. Маалыматтарга караганда 15 секунда сайын бирден бейтап кайтыш болуп жатат. 206 миңден көп кишинин өлүмү катталган Латын Америкасы өлүм-житим жагынан Европадан ашып өттү. Өткөн жумада аймакта инфекциялангандардын саны 5 миллиондон ашкан. Көз жумгандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан Бразилияда коронавирустан 96 миңдей киши өлгөнү расмий бышыкталды. Мексика 49 миңдей кишисин жоготту. Буга карабай Латын Америкасындагы бир нече өлкө экономиканы жандандырыш үчүн карантин эрежелерин жумшартып жатышат. Шаршемби күнгө карай дүйнө жүзүндө коронавирусту 18 жарым миллион киши жугузуп алганы расмий катталды.
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда ооруну жумуш учурунда жугузуп алып көз жумган алты адистин аты аталды. Алар:
- Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;
- Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;
- Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;
- Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын ыкчам терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;
- Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;
- Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фелдшери Валерий Гауп.
Жээнбеков илдетке каршы күрөштө алдыңкы сапта жүрүп көз жумган медицина кызматкерлери пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алышканын, анын кесепеттерин жоюш үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенишкенин белгиледи. (Толук маалымат бул жерде)
Кыргызстанда бир күн ичинде COVID-19 илдетинен тогуз киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, кайтыш болгондордун бешөө Бишкекте, экөө Ош облусунда, экөө Баткен облусунда.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан каза болгондор 1447ге жетти.
Расмий маалыматка караганда, бир сутка аралыгында лабораториялык жол менен вирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус расмий аныкталгандар 38 659ду түздү.
Соңку бир күндө вирус жугузуп алган 589 бейтап ооруканалардан айыгып чыкты. Ал эми пандемияда айыккандардын жалпы саны 30 099 болду.
COVID-19 илдетин жугузуп алган жана андан каза тапкандардын саны боюнча Бишкек шаары дале биринчи орунда.
Дарыгерлер кырдаал турукташкандай туюлганы менен айрыкча аймактарда ооругандардын көбү ооруканага кайрылбай, үйдө жатканын айтышууда.