Өзбекстанда сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө сентябрда башталат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамов билдирген. Анын айтымында, респиратордук оорулар күч алган күз мезгили коронавирус эпидемиясынын айынан оор өтүшү ыктымал.
«Албетте, адамдар буга байланыштуу дүрбөлөң түшпөшү керек. Учурда мамлекеттик деңгээлде сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Вакцинаны импорттоп, жергиликтүү эмдөө түйүндөрүн түзүүнүн жолу иштелип чыкты. Иш сентябрда башталат» деди аткаминер.
Акыркы расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 38 миң кишиге жакындады. Алардын 33 миңден ашууну айыкса, 256 адам көз жумган.
- автор Элиза Кененбаева
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 22,5 миллион адамдан ашты. Түштүк Кореяда протестант чиркөөсүнө байланышы бар адамдардын арасында вирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат.
«Пандемияны ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтотот»
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жайкы эс алуудан кийин коронавирус жугузуп алган адамдар көбөйүп жаткан Европа мамлекеттеринде жаңы карантин чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок экенин билдирди.
Уюмдун Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөрүлгөн брифингде пандемияны вакцина эмес, ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтоторун айтты:
«Вакцина да пандемияны токтотпойт. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алып, вирустан сактанууну үйрөнгөн күнү гана пандемия токтойт. Бул ар бирибизден көз каранды, ал күн эртең да болушу мүмкүн».
Дүйнөдө коронавирустун жайылышы жана андан каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттар дагы эле алдыда. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, учурда Калифорния, Техас жана Флорида штаттарында COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйгөн.
Бул ооруга кабылгандар дүйнөдө 22,5 миллион кишиден ашты, 790 миң адам көз жумду.
Учурда Италия, Франция жана Германияда коронавирус жуккандар көбөйүп жатат.
20-августта Италияда 845 адам катталган, бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Францияда бир күндө эле ооругандардын саны 4700 кишиге жетти. Германияда 20-августта 1000ден көп кишиден коронавирус табылды. Ал эми Түштүк Кореяда вирустун жаңы очогу пайда болду.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондор катталган жок.
Ал эми бир сутка ичинде оорудан 225 адам сакайып, ооруканадан чыкты. Ушуну менен пандемия башталгандан берки убакта жалпы 36 056 адам айыкты.
22-августка карата коронавирус илдетине чалдыккан 186 адам катталды. Анын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталган:
- Бишкек шаарында - 51;
- Ош шаарында – 3;
- Чүй облусунда – 12;
- Ош облусунда - 25;
- Талас облусунда – 8;
- Ысык-Көл облусунда – 35;
- Жалал-Абад облусунда – 36;
- Баткен облусунда - 16.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясын 42 889 адамга жуккан.
Акыркы суткада вирус жуктуруп алганы аныкталгандардын ичинен 13 адам медицина кызматкери, бир дарыгер илдеттен айыгып, ооруканадан чыкты.
ДССУ: Коронавирус пандемиясын ооздуктоого эки жылдай убакыт кетет
Уюм мындай билдирүүнү вирус жуккандардын саны Европада көбөйүп, ал эми Америкада азайып жаткан маалда жасады.
Дүйнөдө жалпы жонунан 23 миллиондой адам инфекцияны жугузуп алса, 800 миңдей адам каза тапты.
Акыркы күндөрү Германия, Франция, Испания жана Италияда инфекцияны алып жүрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Саламаттык сактоо жаатындагы эксперттер муну жайкы жайкы эс алуу менен байланыштырып, күздө экинчи толкун болорун эскертип жатышат.
Европа лидерлери экономикага залал келтирген чектөөлөр кайра кирбесин билдиришкен. Мунун ордуна эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарга барбай турууга чакырышууда. Мындан тышкары вирустун тарап кетпешине көз салып, элди беткап кийүүгө милдеттендиришүүдө.
Учурда АКШда инфекция жуккандардын саны төмөндөй баштады. Июль айында күнүнө 70 миң адамдан вирус табылса, акыркы күндөрү бул сан 40 миңдин тегерегин көрсөтүүдө. ДССУнун маалыматында Латын Америкасында да абал турукташа баштады.
Пандемия башталгандан бери АКШда COVID-19дан 175 миңдей, Бразилияда 113 миңден ашуун адам кайтыш болду.