Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 дагы 87 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 6-сентябрдагы маалыматына караганда, Бишкекте - 16, Ош шаарында– 2, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда - 20 кишиден вирус чыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1061 кишиге жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Расмий эсеп боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирус жугузгандар 44 403ди түздү, анын 39826сы айыкты.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча соңку бир сутканын ичинде коронавирус дагы 304 626 адамдан табылды жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдет жуккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия дагы эле алдыда.
Буга чейинки антирекорд 14-августта катталган жана анда COVID-19 бир күндүн ичинде 304 135 кишиден аныкталган.
Дүйнө жүзү боюнча оору жуктуруп алгандар саны 27 миллионго чамалап, 880 миңдей бейтап ажал тапты.
Оору жуктуруп алгандар жана илдеттен көз жумгандардын саны боюнча тизме башында АКШ турат. Кошмо Штаттарда коронавирус 6,2 миллион адамга жугуп, 188,5 миңдей бейтап көз жумду.
Бразилияда ооругандар 4,1 миллионго жетип, илдеттен 126 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды. Индияда да ооруганда 4,1 миллиондой болуп, мерт болгондор саны 70 миңден ашты. Индияда кийинки убакта ооругандар тездик менен көбөйүп жатат.
Төртүнчү орунда турган Орусияда бир миллиондон көп адам коронавирус болду. Бул мамлекет оорудан мерт болгондордун саны боюнча 12-орунда турат. Орусияда расмий маалыматка ылайык COVID-19дан 18 миңдей бейтап көз жумду.
Дүйнө жүзү боюнча COVID-19га 27 миллиондон ашуун киши кабылды. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин санактарына ылайык, илдеттен 882 миңден көп бейтап көз жумду.
Индияда бир суткада 90 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Ошону менен Индия вирус жуктургандар жагынан Кошмо Штаттардан кийинки экинчи орунга чыкты.
Индияда жалпы жонунан коронавируска 4,2 миллион киши чалдыкты. Бирок ал өлкөдө инфекциялангандардын саны башкаларга караганда тез өсүүдө. Буга карабай 7-сентябрда борбор калаа Дели жана башка шаарларда метро дээрлик беш айдан кийин жарым-жартылай ишин жандантты. Бийлик станцияларда бардык санитардык нормаларды сактоого шарт түзүлгөнүн айтууда.
Ал ортодо Австралия 2021-жылдын январь айында вакцинанын биринчи партиясын алууну көздөп жатканын билдирди. Дүйшөмбүдө премьер-министр Скотт Моррисон өкмөт «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети жана CSL лабораториясы менен Куинслэнд университети тарабынан иштелип чыккан эки препарат боюнча келишимге жетишкенин ырастады.
«Австралия үмүткө муктаж. Өзгөчө Виктория штатында абал кыйын. Бүгүн ошондой үмүт жараткан жаңылыгыбыз бар. Австралиялыктарды коронавирус пандемиясынан коргоо үчүн кадам жасадык. 80 миллиондон ашык доза вакцина алуу жана чыгаруу тууралуу 1,7 миллиард долларга келишим түздүк».
Соңку күндөрү Европанын ар кайсы жеринде инфекциялангандар көбөйүп жатат. Франция бийлиги жекшембиде дагы жети департаментти, арасында Страсбург, Лиль жана Дижон өңдүү ири шаарларды COVID-19дун көрсөткүчтөрү ылдам өскөн кооптуу аймактардын тизмесине же «кызыл зонага» кошту. Ал жерлерде вирустун жайылышына каршы катуу чаралар көрүлмөкчү.
Өткөн жумада жаңы окуу жылы башталбай жатып, 22 мектеп кайра жабылууга аргасыз болду.
Тажикстандагы пандемиялык кырдаалга жана терроризм коркунучуна байланыштуу АКШ бийлиги жарандарын бул өлкөгө баруудан карманууга чакырды. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин 6-сентябрдагы билдирүүсүндө кабарланды.
Өткөн айда АКШнын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору Тажикстанды COVID-19 жугуп калуу коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 8750дөн ашты. Бирок айрым эксперттер чыныгы көрсөткүч расмий маалыматтардан алда канча көп экенин айтып жүрүшөт.