Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

18:07 16.9.2020

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык Abbott («Эбботт») компаниясы иштеп чыккан жаңы тестти Эй-Би-Синин телеэфири учурунда көрсөттү. Бул тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктайт.

«Мен силерге өзгөчө бир нерсе көрсөтөм. Менде бүгүн эле чыккан жаңы тест бар», - деген Трамп пиджагынын чөнтөгүнөн чакан картонду алып чыкты.

Трамптын айтымында бул тест сыртынан кагаздын үзүмү сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, вирустун бар-жоктугун так аныктайт.

«Адамдар бул тестти өздөрү менен ала жүрүп, текшерилсе да боло берет. Бул тест өтө жөнөкөй, ошол эле учурда өтө так», - деди Трамп.

Август айынын аягында АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматы америкалык «Abbott» компаниясы менен 760 млн. долларлык келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Маалыматта тест коронавирустун антиденечесин 15 мүнөттө аныктай турганы айтылган. Атайын жабдыктарды талап кылбаган тесттер менен ириде мектептер жабдыла тургандыгы кабарланган.

«Abbott» компаниясынын тесттерин мурдараак АКШнын Санитардык көзөмөл башкармалыгы да текшерип, уруксат берген. Анализдердин жыйынтыгы 15 мүнөттө чыгып, анын тактыгы 97,1% болору кабарланган. Тест менен кошо чөнтөк телефондор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан. Анын жардамы менен эл көп жерде анализдин жыйынтыгын аныктоого болот.

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 6,6 млн. америкалык коронавируска чалдыккан. 195 миңден ашуун адам оорудан көз жумду.

09:53 17.9.2020

Коңшу Өзбекстанда 17-сентябрга карата коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 50 миңге чукулдады. Оорудан көз жумгандардын расмий саны 409 адам. Анын 288и борбор калаа Ташкентте.

Ал эми Казакстанда эпидемия башталгандан бери коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталган жана өпкөсү кагынган адамдардын жалпы саны 137 миңден ашты. Эки миңден ашуун киши кайтыш болду.

АКШдагы Жонc Хопкинс университетинин маалыматына караганда, коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда АКШ турат. Ооруга чалдыккандардын саны 17-сентябрга карата 6,828 млн. адамдан ашты. 4 миллиондон ашуун адам оорудан сакайды. 201 348 адам илдеттен көз жумду.

11:28 17.9.2020

Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

14:38 17.9.2020
  • Кызыл-Кыяда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган алты адам коронавирусту башка жактан жугузуп алган болушу ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эпидемия башталгандан бери бул жайда санитардык эрежелер так сакталып келет, камоого алынуучу ар бир адам ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Мындан тышкары, тийиштүү мекемелер санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүп турушат.

Ушуну менен Казакстанда санитардык дарыгер экинчи жолу алмашты. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган.

Ага ылайык, парламенттик комиссия алты айдын ичинде өз корутундусун чыгарышы керек. Комиссияны оппозициядагы депутат жетектегени менен мүчөлөрүнүн көбүн премьер-министр Никол Пашиняндын саясий блогунун өкүлдөрү түзмөкчү.

  • Ташкенттин Шайхантахур районундагы эки мектеп жабылганын Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы буга мектептеги мугалимдерде коронавирус аныкталганы себеп болгонун билдирди.

Пандемияда мектепке барган окуучулар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG