Орусияда бир суткада 8135 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул июнь айынан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин орус президенти Владимир Путин жарандарды санитардык талаптарды бекем сактоого чакырган. Москванын мэри Сергей Собянин жарандарды үйдөн иштөөнү улантууга үндөдү. Шаардагы коомдук жайларда, транспорттордо беткап жана колкап кийүү талабы күчөтүлдү.
Орусияда мектептер ишке киргенден бери коронавирус илдети 75% өскөнү, илдет тездик менен жайылып жатканы кабарланды.
Бүгүнкү күнгө чейин Орусияда 1,1 млн ашуун адам коронавирус илдетине чалдыккан. 20 385 адам көз жумду. Өлкө оорунун жайылуусу жагынан АКШ, Индия жана Бразилиядан кийинки төртүнчү орунда турат.
АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 28-сентябрь күнү оорудан көз жумган жалпы адамзаттын саны 1 000 555 кишиге жетти. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү – АКШда, 205 024 адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Жалпы илдетке чалдыккан адамдардын саны - 33 273 720. Оорудан 23 056 480 киши айыгып чыкты. Америкада COVID-19 илдетине 7 147 341 адам чалдыкты. Бразилияда 4 745 464 адам ооруп, анын ичинен 141 741 киши көз жумду. Индияда 6 074 702 адам коронавирус жуктуруп, 95 542 адам каза болду.
Кыргызстанда 29-сентябрга карата COVID-19 илдети дагы 167 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусу биринчи орунда.
Баткенде 55 кишиден, Ош облусунда 38, Жалал-Абад облусунда 31, Чүй облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында беш, Нарын дубанында эки, Таласта бир кишиден вирус табылды.
Бир күн аралыгында өлүм катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түздү.
Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда.
Марттан бери илдет жугузуп алгандар 46522 кишиге жетти. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды.
Статистика акыркы күндөрдө вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.
Ноокатта коронавирус эпидемиясы башталган алгачкы күндөрү обсервацияда иштеп, өзү кийин ушул оорудан улам комага түшүп калган дарыгер Мукарам Ураимова операцияга муктаж. Бул тууралуу 29-сентябрда «Азаттыкка» сиңдиси Минарам Ураимова билдирди.
Анын айтымында, жогорку даражадагы дарыгер Ураимова 7-апрелде жергиликтүү оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылган. 25-апрелде эс-учун жоготкон бойдон дээрлик жарым жылдан бери өзүнө келе элек.
«37 жыл иштеген, жогорку категориядагы дарыгер. 10-апрелден бери мурду менен тамактанат. Операция жасаш керек. Дары-дармегин, тамак-ашын өзүбүз жеткирип жатабыз. Биринчи кезекте республикалык деңгээлде медициналык текшерүүдөн өткөрүп беришсе, Чоро Тукешовичтин бөлүмүнө жаткырып беришсе деген өтүнүчүбүз бар. Кийин, балким Москвада же Түркияда реабилитациядан өтсө», - деди сиңдиси.
Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ураимова төрт баланын энеси. Балдары да өзү сыяктуу медицина кызматкерлери.
29-сентябрда өкмөт Ураимовага жардам берилерин кабарлады. Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине тез арада окуянын чоо-жайын иликтеп, дарыгерди санитардык авиация менен Бишкекке алып келүүнүн жолдорун караштырууну тапшырды жана ага тийиштүү компенсация төлөнүп берилиши керек экенин айтты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Ураимова быйыл 18-19-мартта COVID-19 эпидемиясынын алгачкы күндөрүндө обсервацияда иштеп жатып коронавирус жугузуп алган. Кийин эки өпкөсү 80% жабыркаганы аныкталган. Азыр кызынын үйүндө жасалма дем алдыруу аппараты менен жаткан Ураимованын абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышат.
Саламаттык сактоо министрлиги Ураимова Бишкекке которулмай болгонун, ага 200 миң сом компенсация төлөнүп берилгенин маалымдады.
Кыргызстанда коронавирус 46 миңден ашуун адамга жукту, алардын үч миңден ашыгы медицина кызматкери. Оору жуккан дарыгерлердин 83үнүн өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.
28-сентябрда Баткенде коронавирус оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр киргизилген.
Ага ылайык, 28-сентябрдан тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулуп, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЧР-анализи таза чыкса гана киргизиле турганы кабарланган.
Соода борборлорунда, дүкөндөрдө, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү милдети район жана шаар башчыларына жүктөлгөнү, партиялардын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүү жаатында санитардык эрежелерге көзөмөл күчөтүлөрү да айтылган.
Облустук штаб ошол эле күнү кечке жуук жарандардын жана ишкерлердин кайрылуусун карап чыгып, кабыл алынган чектөөлөр кайра алынганы тууралуу маалымат таратты. Анда жарандардын жана айдоочулардын кайрылуусунан улам чектөөлөр жоюлганы менен, санитардык талаптарды сактоо, беткап тагуу режими күчүндө калганы айтылат.
29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусунда 55 киши катталды. Бул башка аймактарга салыштырмалуу эң көп.