Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.
«Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», - деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир жарым айдагы эң чоң көрсөткүч.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты.
Казакстандын бийлиги 5-октябрдан тартып башка өлкөлөр менен жаңы аба каттамдарын жандантпай, ал эми Түркия менен каттамдарды азайтмак болду. Мындай чечим коронавирус инфекциясын жайылтпаш үчүн кабыл алынды. Ошондой эле өлкөгө башка жактардан келгендер ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынат, ал жок болсо милдеттүү түрдө эки күндүк карантинге жаткырылат.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул кадамдар өлкөдө эпидемиологиялык туруктуулукту сактоого багытталганын билдирди:
«Европада, Германия, Австрия сыяктуу өлкөлөрдө вирус жуккандар көбөйүп атат. Биздин жарандар башка өлкөгө барган учурда ПЧР изилдөөнүн жыйынтыгын сурашат. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттарына жана башка өлкөлөргө коронавирус менен оорубаганыңызды далилдеген документ жок болсо кире албайсыңар. Ошондуктан Казакстанга вирусту алып кирбеш үчүн ушундай чечимдер кабыл алынды».
1-октябрга карата Казакстанда коронавирус жуккандар 107 миң адамдан ашты. Анын ичинен 1724 киши каза болду. Мындан сырткары 1-августтан тартып пневмонияга чалдыкка 32 миңден ашык адам катталып, андан 355 адам көз жумду.
Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.
Жаңы катталгандар:
- Баткен облусунда - 38;
- Ош облусунда - 33;
- Бишкек шаарында - 22;
- Жалал-Абад облусунда - 17;
- Ош шаарында - 8;
- Ысык-Көл облусунда - 6;
- Чүй облусунда - 2;
- Нарын облусунда - 2.
3-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 10у - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3304 адис вирус жуктурду. Алардын 3038и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.
Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал оорлосо карантин чаралары күчөтүлүшү ыктымал. Бул тууралуу 4-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Боронов соңку он күндө Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө да ооругандар көп каттала баштаганын белгиледи. Ошону менен катар премьер-министр өкмөт чектөөлөрдү киргизбөөгө колдон келишинче аракет кыларын белгиледи.
Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Соңку бир күндө вирус менен 244 адам жаңы катталды. 1-2 жума мурда бир суткада оору жуккандар 40-50нүн тегерегинде катталып жаткан.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. Карантиндик чектөөлөр бара-бара алынган.