Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда илдетти жуктуруп алган 84 медицина кызматкери каза болду.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 23-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди.
Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштеген дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар.
Каза болгондордун арасынан 24 кишинин жакындарына өкмөттөн миллион сомдон кенемте төлөндү. Башкаларына төлөө жагын атайын комиссия карап жатат.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 3566га жетти, алардын ичинен 3228и айыкты.
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.
Коронавируска каршы республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына ылайык, өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 54 588 кишиге жетти. Алардын 47050сү айыгып, 1126 бейтап көз жумду.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду.
Алар Бишкек шаарында, Ош, Чүй, жана Баткен облустарында катталды. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1130га жетти.
Акыркы суткада 556 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 287си айыкты.
Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:
- Бишкек шаарында - 149;
- Баткен облусунда – 86;
- Жалал-Абад облусунда - 83;
- Ош облусунда - 75;
- Чүй облусунда - 67;
- Ысык-Көл облусунда – 35;
- Ош шаарында – 34;
- Талас облусунда - 23;
- Нарын облусунда - 4 киши.
Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55144 адамды түздү. Алардын арасынан 47 337 бейтап айыгып чыкты.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3300 бейтап стационарда, калганы үй шартында дарыланып жатат.
2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 24-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 42 миллион 148 миңден ашты. Алардын 1 миллион 143 миңден көбү жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 484 миңден ашуун бейтап айыкты.
АКШда оорулуулар сегиз миллиондон, Индияда жети миллиондон, Бразилия беш миллиондон ашты. Орусияда, Аргентинада, Испанияда, Францияда миллиондон көп.
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган медкызматкерлердин 147си өкмөттөн 200 миң сомдон кенемте алышканын маалымдады. Башкаларына төлөп берүү маселесин атайын комиссия карап жатат.
Кенемте алуу максатында 1901 медкызматкердин атынан арыз түшкөн.
Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 24-октябрга карата 3569га жетти. Алардын ичинен 3251и айыгып, 84ү каза болду. Алардын арасынан 24 кишинин жакындарына миллион сомдон төлөндү.
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.
Коронавируска каршы республикалык штабдын 24-октябрдагы маалыматына ылайык, өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 55144 кишиге жетти. Алардын 47 337си айыгып, 1130 бейтап көз жумду.
АКШнын президенттигине негизги талапкерлер - республикачы Дональд Трамп жана демократ Жозеф Байден үгүт өнөктүгүнүн алкагындагы соңку жолугушууларды өткөрүп жатат.
22-октябрдагы теледебатты өзү үчүн "жеңиш" катары сыпаттаган Трамп тарапкерлеринин санын кеңейтүүгө аракет көрүүдө.
23-октябрда Трамп Флоридада, Байден Делавер штатында жолугушууларды өткөрдү.
Байден бир катар шаарларда коронавируска кабылгандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйгөнүн билдирип, Трамп бул кризисти көзөмөлдөй албай жатканын белгилөөдө.
Байден коронавируска каршы ишенимдүү вакцина чыгары менен америкалыктардын баары акысыз эмдөөдөн өтөрүн айтты. Ага чейин АКШда милдеттүү түрдө беткап тагынуу керектигин белгилеп, пандемиядан азап тартып жаткандарга каржылык көмөк көрсөтүү программасын убада кылды.
Трамп атаандашын "коронавирус кризисин ашырып көрсөтүп жатат",- деп, тарапкерлерин пандемия тез арада бүтөрүнө ишендирүүгө аракет кылды.