Нарын облусунда 5-ноябрга карата COVID-19 вирусу алты кишиден табылды. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады.
Аймактардын ичинен Нарын жергеси азыркы тапта вирус эң аз аныкталган облус бойдон калууда. 151 адам менен Бишкек шаары азыр биринчи орунда, андан кийин 101 киши менен Чүй облусу турат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында да вирус күчөп жатат.
Кыргызстанда бир суткада 535 кишиден коронавирус аныкталып, жалпы ооругандар марттан бери 61 309 адам болду. Алардын 52 343ү айыкты. 1167 киши каза болду.
Саламаттык сактоо министрлиги буга токтобогон той-топурлар менен элдин массалык чогулуусу, санитардык нормалардын сакталбай жатканы себеп болуп жатканын билдирүүдө. Оксфорд университетинин божомолу боюнча Кыргызстанда жыл соңуна чейин коронавирустан төрт миңдей киши көз жумушу мүмкүн.
Парламент депутаты Эмил Токтошев 5-ноябрдагы жалпы жыйында "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер убада кылынган кенемтени ала албай жатканын айтып чыкты. Депутатка саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев жооп берип, дарыгерлердин кенемте акчасы боюнча толук маалымат берди. Анын айтымында, акыркы маалымат боюнча пандемия маалында каза болгон 84 дарыгердин ичинен 28инин жакындарына 1 млн. сомдон кенемте берилди.
“200 миң сомдук кенемте алуу үчүн 2 300 медициналык кызматкерден арыз түштү. Анын ичинен 477сине төлөндү. Анткени бул жерде жети пункттан эпидиликтөөнүн негизинде кенемте берилет. Каза болгон дарыгерлердин саны 84кө жетти. Алардын 41и боюнча кайрылуу түшүп, 28 адамдын жакындарына 28 миллион сом төлөндү. Алгач 50 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин 178 млн. сом бөлүндү. Элден 138 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражаттан 6 млн. сомдой калды”, – деди Каратаев.
5-ноябрда үч медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыккан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3 634 медкызматкер аныкталган, алардын ичинен 3 387 медкызматкер сакайып кетти.
Европа жана Орусияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 300 миңден ашты. Бул континент оорунун экинчи толкунуна кабылып, чектөөлөргө, карантинге карабай вирусту жуктургандар улам көбөйүп бара жатат.
7-ноябрга карата чөлкөмдө 300 688 адам каза болду. Өлүмдүн үчтөн эки бөлүгү Британия, Италия, Франция, Испания жана Орусияда катталууда.
Оору жуккандар көбөйгөн сайын ооруканаларда реанимациялык орундар тартыш болууда.
Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги вирус жуккандар эки эсе көбөйгөнүн, 10 күндөн кийин реанимациялык керебеттер калбай калышы ыктымалдыгын билдирди.
Франциядагы реанимациялар 85% толду.
30 миңдей киши ооруканада, алардын 4 миңи оор абалда. Польшада ооругандар 27100 киши деп катталып, 445 адам каза болду.
Орусия коронавирус менен ооругандар боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 1,7 миллион адам вирусту жуктурду, 6-ноябрда бир күндө эле 20 миң адамдан оору аныкталды.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө 49,2 миллион адамга оору жукту. 32,4 миллион адам айыкты, 1,24 миллион адам көз жумду.
Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда соңку бир күндө коронавирус дагы 123 миңден ашык кишиден табылды. Оорудан 1200дөн көп бейтап көз жумду. Шаршембиде коронавирусту 100 миңге чукул адам жугузуп алганы кабарланган.
50 штаттын кеминде 19унда инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү пандемия башталгандан бери болуп көрбөгөндөй көбөйдү.
Ушул тушта Европа эпидемиянын экинчи толкунунан жабыркап келатат. «Ажанс Франс Пресс» агенттиги коронавирус алгач аныкталгандан бери континентте 11 миллион 600 миңдей киши инфекцияланганын жазды. Бир топ өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилсе, башкаларында вирустун жайылышынын алдын алыш үчүн чектөөлөр иштеп жатат.
Францияда бейшембиде бир күндө инфекциялангандар 58 миңден ашты. 30-октябрда өлкөдө декабрга чейин карантин жарыяланган. Италияда акыркы 24 саатта вирусту 34,5 миңдей киши жугузуп алганы катталды. Киши башына алганда Белгия вируска кабылгандар жагынан Европада биринчи орунда баратат.
Дүйнө жүзүндө COVID-19 бери дегенде бир миллион 226 миң кишинин өмүрүн алды. Вируска 48 миллиондон ашуун киши чалдыкты.