Нью-Йорк штатында коронавируска каршы чаралар кайрадан катаалдаштырылды. Губернатор Эндрю Куомо 13-ноябрдан баштап ресторан-барлар, спорт залдар кечки саат 10до жабылууга тийиш, 10дон көп киши чогулбашы керек деп билдирди.
Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио жаңы чараларды эпидемиянын экинчи толкунун токтотуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп сыпаттады.
Нью-Йорк жазында пандемиянын АКШдагы очогу болгон. Ошондо күнүнө миңдей киши коронавирустан каза болчу. Июль айынан бери штат жана шаар вирустун жайылышын көзөмөлдөп, өлгөндөрдүн саны күнүнө ондун айланасында болуп турду. Бирок сентябрдын ортосунан бери коронавируска чалдыккандар АКШда көбөйө баштады. Ноябрдын биринчи күндөрүнөн тартып коронавирус күнүгө 100 миң кишиден аныкталып келатат.
Нью-Йоркто 10-ноябрда 164 миң тест жасалса, алардын 2,9% позитивдүү болуп чыкты. Бул көрсөткүч 5 же андан көп пайыз болсо, жогору болуп эсептелет. Губернатор Эндрю Куомо жаз айларындай болуп толук карантин киргизүү эң акыркы чара болорун айтты.
АКШда бир катар штаттар беткап тагынууну милдеттүү кылса, Нью-Жерси жана Миннесотада айрым мектептер кайрадан аралыктан окууга өтүүдө.
COVID-19га чалдыгып, ооруканаларга жаткырылгандардын саны да рекорддук чекке жетип турат. Ушу тапта күнүнө орто эсеп менен миңдей киши оорунун айынан дүйнө менен кош айтышууда. Пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда коронавирустан 241 миңден көп киши каза тапты.
Эксперттер кышында абал мындан да начарлашы мүмкүн деп эскертишүүдө.
Эпидемиянын экинчи толкунун башынан кечирип жаткан Европа өлкөлөрүндө коменданттык саат, карантин жана башка чаралар көрүлгөн.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 13-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын бирөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1195 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 567 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарында.
Оору жуккандардын жалпы саны 65 454 кишиге жетти.
Бир күндө 483 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3347 адам жатат, дагы 3916 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3677 адамга жетти, алардын 3473ү айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 15 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстанга коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө 25 миллион доллар бөлмөй болду. Кыргызстандын жана БУУнун бул тууралуу биргелешкен билдирүүсүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 13-ноябрда жарыялады.
Анда социалдык-экономикалык жөнгө салуу боюнча “жол картасы” иштелип чыкканы, жардам айыл жергесиндеги элдин аз камсыз болгон катмарына жумшалары жазылды.
Экономикалык жана экологиялык туруктуулук, социалдык биримдик жана гендердик теңдик багыттарына негизги көңүл бурулуп, жаштарга жана аялдарга жумуш берүү, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, социалдык коргоо, медициналык тейлөө жана сапаттуу билим кызматтарын камсыз кылуу иши жүргүзүлөру айтылды.
Кыргыз тарап, өз кезегинде, бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарууну, саясий жана башка багыттагы реформаларды ишке ашырууну уланта турганын билдирди.
Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд сомду түзөрү белгилүү болгон. Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров парламенттин 14-октябрдагы отурумунда дефицит 42 млрд сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска каршы вакциналар 2021-жылдын апрель айына чейин кеңири колдонула баштарын айтты.
Ал бул тууралуу АКШда ооруну жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, айрым штаттарда чектөөлөр киргизилип жаткан кезде билдирди.
Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары ушул аптада биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөткөн.
Трамп «Pfizer» вакцинасын чукул колдонууга макулдук берүүнү күтүп жаткандыгын да кошумчалады. «Warp Speed» операциясын жетектеген Монсеф Слоуинин айтымында, Америка Кошмо Штаттары жылдын аягына чейин бекитилген эки коронавирус вакцинасын алса болот жана 20 миллион доза кийинки айда саламаттык сактоо кызматкерлерине жана калктын аялуу катмарына таратылышы мүмкүн.
Трамп вакцина жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууну «АКШнын тарыхындагы эң ири мобилизация» деп атады. Ушул аптанын башында улуттук инфекциялык адис доктор Энтони Фаучи вакциналар апрель, май жана июнь айларында бардык америкалыктарга жеткиликтүү болорун билдирди.