Нургазы: Эми такыр мектептен калбайм
Кочкор районундагы Ак-Учук айылынын тургуну Жакшылык уулу Нургазынын апасы былтыр “Азаттыкка” жардам сурап кайрылган. Кабарчыбыз Нургазы менен жолукканда ал квадроцикл сатып алуу кыялын билдирген. Анткени ал өз алдынча баса албагандыктан 9-класска чейин иниси Дастан мектепке арабада сүйрөп барып, сүйрөп келчү. Эми майып окуучу ошол көксөгөн тилегине жетип отурат. Нургазыга “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду демөөрчү таап, кыялындагы квадроциклди сатып берди. Нургазы быйыл сентябрдан бери мектепке бара албай жүргөн, эми квадроцикл менен өз алдынча бара алат.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 04, 2025
Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Сентябрь 27, 2025
Орусияга жүк ташыган айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышты
-
Сентябрь 12, 2025
"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?
-
Сентябрь 02, 2025
Кыргыз-өзбек чек арасында атылган ок
-
Сентябрь 01, 2025
Жаңы-Тилек: Сел коркунучунда уланган турмуш
-
Август 31, 2025
Жалал-Абад: МИК 13 миңден ашуун батир курууда