Баткенге өзгөчө макам берилет
Кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кайра кармалды. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров менен Аймен Касенов биригип, "Реформа" партиясынын алдында жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышмай болду. Баткендиктер Камчыбек Ташиевди пикет уюштуруп, тосуп алышты. Атайын кызматтын башчысы чек ара маселелерине өзү жооптуу экенин айтып, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу каралып жатканына токтолду. Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария оппозиция лидерин камакка алган сот чечимине нааразылык билдирип, кызматтан кетти.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 03, 2025
АКШнын Tomahawk ракетасы Москваны чочулатат
-
Октябрь 01, 2025
"Сөөктүн бетин ачтырган жок". Айсулуунун аянычтуу өлүмү
-
Сентябрь 29, 2025
АКШ: Трак айдоочуларга чектөөнү күчөтөт
-
Сентябрь 26, 2025
Орусияда концерт учурунда мигранттар кармалды
-
Сентябрь 25, 2025
Израилдин танктары Газа шаарына кирди