Туризмге журналисттердин салымы чоң
Малайзиянын үч ири медиа холдингинде иштеген алты журналист Кыргызстанга келип кетти. Алар өлкөнү кыдырып, Кыргызстандын маданияты, жаратылышы, салт-санаасы менен таанышуу үчүн келген. 25-июлда Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" ыр сынагына дагы күбө болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен дагы жолугушушту. Иш чаранын максаты эки өлкө алакасын жакшыртуу. Алар өз жерине барып Кыргызстан жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүшөт. Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен 20 чакты кыргызстандык журналист менен чыгармачыл адамдар Малайзияга барып келишкен. Малайзиялык журналисттердин сапары 30-июлда аяктады.
Чыгарылыштар
-
Август 28, 2025
Киевге чабуул: 22 киши мерт болду, ондогон тургун жараат алды
-
Июль 24, 2025
Одесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды
-
Июль 04, 2025
Москва-Баку тиреши: Кармоолор уланууда
-
Май 07, 2025
Индия - Пакистан: Кашмирдеги кармаш