Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

"Санкцияларды дипломатиялык жол менен чечүү керек"


Жаныбек Оморов
Жаныбек Оморов

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык банктарга санкция салган АКШ жана Британиянын бийлигине нааразылыгын билдирип, мындай чечимде күмөндүү жагдайлар бар экенин белгиледи.

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзбөгөнүн белгилеп, бардык талаптарды сактап жатканын билдирип келет.

Президенттин маегинен улам Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Оморов менен маектештик.

- Жаныбек мырза, санкцияларга байланыштуу президент Жапаровдун маеги жарыяланды. Анда мындай чечимге нааразылык, санкция туура эмес маалымат үчүн салынып калганы тууралуу да айтылган. Бул процесстер сизге тааныш болсо керек, Батыш өлкөлөрү санкция салууда изилдөөлөрдү, талдоолорду кандай жүргүзөт?

- Санкциялар жөн эле бирөөнүн айтканы менен салынбайт. Алар көпкө чейин байкоо жүргүзүп, талдагандан кийин жыйынтыкка келет. Изилдөөлөр болот. Мисалы, “Капитал банк” боюнча биринчи маалыматтар кеткенине эки жылга жакындап калды. Анда ушундай иштерге барып жатышат, күмөндүү транзакциялар жүрүүдө деп айтылган. Ошол маалда санкциялар дароо кирген жок. Андан бери убакыт өттү, изилдешти. Кошумча маалыматтары да болгондур.

Экинчи жагынан биздин өкмөттүн позициясы да туура. Кандай абал болгондо да биздин бир топ мигранттарыбыз Орусияда жүрөт жана алар акча которуп турушат. Анда кандай болуп калат? Айла жоктон ошондой банк, ошондой транзакциялар керек. Мындай шартта кооптуу операциялар да болуп жаткандыр. Ал боюнча маалымат жок болгону үчүн дароо айта албайбыз.

- Санкциялардын максаты жөнүндө да сөз болуптур. Мында Батыштын Орусияга салган санкцияларынын толук иштеши, аларды кыйгап өтүүгө башка өлкөлөрдүн жардам бербеши негизги максат болуп жатабы? Же башка дагы саясий себептер барбы?

- Эң биринчи ирет Орусия үчүнчү өлкөлөр аркылуу чектөөлөрдү кыйгап өтүп, санкциянын таасири төмөн болуп калбасын, анын ресурстары тыйылып, согуш токтосун деген максат болуп жатат. Анткени азыр Орусия ресурстары колунда болуп турганда согушту токтотпой, мүмкүн болушунча көбүрөөк жерди ээлеп калабыз деген саясат болууда.

Батыш өлкөлөрү мындай саясатка каршы. Суверендүү өлкөнү басып алган, маселелерди дипломатиялык жолдор менен эмес, күч аркылуу чечкенге аракет кылган деп жектеген идеология жүрүп атат. Ошол үчүн санкциянын арты менен экономикалык ресурстарын, согушка кеткен каражаттарынын күчүн азайтып, тынчтыкка тезирээк алып келүүнүн амалын карап жатышат.

- Мындан аркы процесстер кандай жүрүшү керек? Бишкек кандай кадамдарга барышы зарыл? Бул санкция күчүндө турса кандай кесепеттерге алып келет?

-Орусиядан бизге расмий түрдө бир топ акча келип атты. Ал мигранттардын өз мээнети менен тапкан акчасы, анын бул жактагы үй-бүлөсүнө которот. Бул каражат кыргыз экономикасынын чоң болбогону менен орчундуу бөлүгү. Ошол себептүү биздин адистер санкция салган тараптарга чыгып, түшүндүрүү, дипломатиялык жолдор менен сүйлөшүүлөргө барып, чектөөлөрдүн таасирин азайтса болот. Унчукпай отурганда, булар мойнуна алды деп ойлоп, санкциялар улана берет.

Мунун кесепети биздин өнүгүүбүзгө терс таасир этип коюшу мүмкүн. Ошол үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бизге бул керек, айла жоктон барып жатабыз деп түшүндүрүү керек. Биз санкцияны кыйгап өткөн жокпуз, ошого чогуу көзөмөл киргизип, чогуу карайлы, кооптуу аракеттерди бирге токтотолу деген кадамга баруу керек.

Шерине

XS
SM
MD
LG