Бүгүн Ослодо Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттигине жана анын жетекчисине Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылды.
Абройлуу сыйлык диплом, алтын медаль жана 1 миллион 300 миң доллардан турат.
- Мен тынчтык сыйлыгынын 2005-жылкы лауреаты Мохамад Эл Барадеини алтын медаль менен дипломду алуу үчүн чакырам, - деп жарыялады Нобель комитетинин төрагасы Оле Моейс.
Сыйлыкты алып жатып Барадеи өзөктүк куралды жайылтпоо үчүн мындан ары да бар аракетин жумшаймын деп ишендирди:
-Биздин мекеме чектелген бийликке жана чакан бюджетке ээ, армиябыз да жок. Бирок биздин куралыбыз - жасап жаткан ишке берилгендигибиз. Биз мындан ары да мандатыбызды көз карандысыздык жана объективдүүлүк менен аткара беребиз, - деди Эл Барадеи.
Барадеи ядролук материалдардын экстремисттик топтордун колуна өтүп кетүүсүн алдын алыш керек деп үндөдү.
- Атомдук куралды кулчулук же геноцид сыяктуу түшүнүктөрдүн катарын кошуп, аны тарыхый аномалия деп жарыялоо үчүн шарт түзүлүшү керек. Бул абдан кыйын, - деди Барадеи.