Британия Ооганстандын Гелман провинциясына үч жылдык мөөнөт менен 3 миң жоокер жөнөтмөк болууда. Алар жалаң курулушта иштешмекчи. Кабулга мурда жайгаштырылган 1 миңдей британ аскери ордо шаарда коопсуздукту камсыздоого жардамдашып, “ал-Каида” менен талиптердин калган-каткан күчтөрүн жок кылуу аракетинде.
Гелман провинциясына британ аскерлери келбей жатып, талиптер, маң мафиясы жана алардын тарапкерлери аларга каршы пропаганда өнөктүгүн башташты.
Ооганстандын түштүгүндө акыркы мезгилде жанкечтилердин чабуулу да күчөп барат. Анүчүн британ жоокерлерине катаал шартта иштөөгө туура келет.
-Аскерлер жарандык-аскерий кызматташуу колу деп аталат. Бул- чөйрө жашоо үчүн кооптуу жана курулуш иштерин аткарса болот дегенди түшүндүрөт. Алар кудук казганга, медициналык жардам бергенге, жол курганга, түрдү инженердик иштерди аткарганга жана миналарды жок кылганга бышып адистешкен,- деди НАТОнун аскерий стратегия боюнча кеңешчиси Брюс Жонс аскерлердин вазийпасы тууралуу.
Британиянын өзүндө Ооганстанга кошумча жөнөтүлчү колдун вазийпасына каршы пикирлер, айрыкча, парламент менен маалымат каражаттарында көп айтылды. Өткөн жумада коргоо министри Жон Рейд парламентти жаңы контингент Ооганстанда аткарчу иштердин кеңири планы менен тааныштыргандан кийин гана коомчулук тынчыды. “Алар террорчуларга каршы жортуулга катышабы?” деген суроого Консерваторлор партиясынын болочок коргоо министри Марк Харпер жок деп жооп кайтарды:
-Жок, Ооган жерине жайгаштырылчу британ колу америкалыктар командалык кылган террорчуларга каршы күчтөрдүн курамына кирбейт. Жаңы күч негизинен өлкө түштүгүндө реконструкциялоо иштерин аткарган командаларга көмөк кылат. Алар америкалык аскерлерди алмаштырбайт. Алар Ооганстандын Батыш аскерлери эми жайгашып жаткан бөлүгүнө жөнөтүлөт.
Консерваторлор партиясы Британ парламентинде эң чоң оппозициялык партия эсептелет.
НАТОлук күчтөрдү Ооганстанга кошумча киргизүү маселеси европалыктар үчүн талуу маселе.
-Бул Европанын кээ бир борборлорунда кызуу талкууланган маселе болду деп ойлойм,-дейт Лондондук эксперт Майкл Уильямс.-Анткени, маселеде ар качан коомчулукка бүдөмүк жактары көп болгон. Азыр да айрым Европа өлкөлөрү террорчулукка каршы согушка тартылгандан коркушат. Аскерлер канткенде да коопсуздукту камсыздоо иштерине катышаары талашсыз. Бул алар тигил же бул жерде террорчуларга каршы согушат дегенди билдирет деп айтаар элем.
Британ аскерлери Оогандар арасында урмат-сыйлуу болгону менен, непада чоң чабуулга кабылса, британдар чечимин өзгөртпөйбү?
Марк Харпер“Жок, антишпейт!” дейт:
-Жок, Ооганстанда коопсуздук өкүм сүрүп, талиптер же “ал-Каида” же ага окшогон топтордун эркин жойлоп жүрүүсүнө биз жол бербей турганыбызды эл түшүнөт. Лондондо бомба жардырган террорчулар Ооганстандагы лагерлерде машыккан. Ошондуктан, демократиялык жол менен шайланган Карзайдын өкмөтүн ийгилик ылоолоп, бүтүндөй Ооганстанды башкаруусу улуттун кызыкчылыгына ылайыктуу экенин калк ачык түшүнөт деп ойлойм.