ФУТБОЛ БОЮНЧА ЕВРОПАНЫН ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШЧУ КОМАНДАЛАР «ЧҮЧҮ КУЛАК» КАРМАШТЫ

Өткөн жумада Европанын 2008-жылы болчу футболдук чемпионатына катышчу улуттук командалардын атаандаштары маалым болду. Чүчү кулак кармоого ылайык, 50 өлкөнүн футболчулары жети топко бөлүнүп, ар топтон мыкты эки команда чемпионатка катышууга жолдомо алат. Ар команда атаандашы менен өз үйүндө жана конокто бир жолудан беттешет. 2008-жылкы Европа чемпионаты Австрия жана Швейцарияда өтөт.
Швейцариянын Монтре шаарында өткөрүлгөн чүчү кулак 50 өлкөнүн улуттук командаларын жети топко бөлдү. Адисттер эң күчтүү командалар «В» тобуна чогулганын жапырт белгилешүүдө. Бул топко Италия, Франция, Украина жана Грузияга катар Литва менен Фарер аралдарынын футболчулары кирет.
«Чүчү кулак кармоо» командаларды мындай ылгап койгонуна грузиялык атактуу футболчу Муртаз Хурцилава кыжалат:

-Чынын айтсам, мени чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы өтө кыжалатка салды. Бул абдан күчтүү топ болду. Ошол эле мезгилде, мен буга аябай кубандым. Күйөрмандар Франция жана Италиянын футболчуларынын оюнун көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Албетте, күчтүү атаандаш менен таймашуу өтө кыйын. Бирок, бардык командалар менен ойносо болот. Италия жана Украина менен биздин футболчулар мурда да беттешкен. Оюндун жыйынтыгы, биздин футболчулар майданга кандай маанайда чыкканына да жараша болот.

Муртаз Хурцилава- 1960-70-жылдары мурдакы СССРдин курама командасында алмашкыс мыкты коргоочу болгон.

Украиналыктар да өз футболчуларынын 2008-жылкы чемпионатта «В» тобуна кошулганына бир жагынан «аттиң» деп өкүнүшсө, экинчи жактан күчтүү командалар менен оюн кызыктуу болот дешип, жакшы үмүттө.

Украинанын футбол федерациясынын төрагасы Георгий Суркистин чүчү кулак кармоодон кийин айткан сөзүн угуп көрөлү:

-Билесиздерби, чынын айтсам, ар бир «чүчү кулак кармоо» биздин футболчуларга түрдүү өлкөлөрдүн командалары менен ойноого, жаңы таанышууларга мүмкүндүк берет деп үмүт кылабыз. Менин оюмча, биздин оюндун географиясын кеңейтип жатканыбыз да абдан маанилүү. Ал өлкө үчүн да, ышкыбоздор үчүн да, оюнчулардын өздөрүнө да пайдалуу.

Украинанын улуттук командасынынын башкы машыктыруучусу азыр легендарлуу футболчу Олег Блохин. Блохин 1975-жылы Европанын мыкты футболчусу аталып, «Алтын топ» менен сыйланган. Узак жылдар Грекиянын эң мыкты командаларын машыктырган. Өткөн 2005-жылы дүйнөдөгү эң мыкты 10 футбол устазынын бири деп таанылган.

Блохин убадасында туруп, Украинаны быйыл Германияда өтчү футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке чыгарды. Бул дүйнөлүк чемпионатка украин футболчуланынан башка бир да мурдакы советтик республиканын командасы катышпайт.

Баса, Блохин 2008-жылкы чемпионатта Украина «Жанкечтилердин тобуна» кошулду деп санабайт. Ал өткөн жумадагы пресс-конференцияда анын окуучулары дүйнөлүк чемпионатка жолдомону Дания, Түркия жана Грекиянын күчтүү командаларын жеңип чыкканын айтып, «В» тобу «украин футболисттери үчүн көп деле кыйынчылык туудурбайт, топтон Италия, Франция жана Украинанын үчөөнүн экөөсү суурлуп чыгат» деди.

Грузиянын футбол федерациясы жергиликтүү футболчулардын оюнун жакшыртуу үчүн чет элден адис чакырган. Грузиялык футболчуларды азыркы устазы германиялык Клаус Топмөллер. Ал акыркы жылдары «Байер Леверкузен» жана «Айнтрахт» командаларын машыктырган. Айрым маалыматтар боюнча, немец машыктыруучу Грузияда айына 100 миң евро маяна төлөнөт.

Клаус Топмөллер грузиялык футболчулардын оюнунун тез эле жакшыртып жибереби? Бул суроого Слава Хурцилава эмне дейт?

-Мен машыктыруучу сыйкырчылык жасап жиберет деп ойлобойм. Албетте, дасыккан машыктыруучу команданын оюнунун сапатын жакшырта алышы, жаңы оюнчуларды командага чакырышы мүмкүн. Бирок, улуттук чемпионаттын сапаты жакшырмайынча, ири эл аралык мелдештерде ийгилик ылоолойт деп үмүт кылуу кыйын.

Слава Хурцилава 1966 жана 1970-жылдардагы дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу. Футболчу көп жылдардан бери ата журту Грузиянын командаларын машыктырып жүрөт.

Швейцариянын Монтре шаарында өткөн чүчү кулак кармоо Азербайжан менен Арменияны биринчи «А» тобуна кошуп, эки өлкөнүн футболчуларынын терисин тырчытты. Тоолуу Карабах чатагынан улам Баку-Азербайжан арасындагы мамиле начар экени маалым.
20-февралда Шериктеш өлкөлөрдүн кубогу үчүн болуп жаткан мелдеште Еревандын «Пюниги» Бакунун «Нефтичи» командасы менен ойноодон баш тарткан. Ошондо Россиянын футбол союзунун өкүлү Игорь Владимиров армениялык футболчулардын таймаштан качуу себебин мындайча түшүндүргөн:

-Мен билгенден алар коопсуздугубуз жетерлик камсыздалбады, жашоо шарты жана тамак ашы начар деп доомат кылышкан. Биздин көз карашчыбызга, бул Азербайжан командасы менен ойнобой койуунун гана шылтоосу болду. Спорттук принцибинен алганда, «Нефтичи» күчтүүрөөк эле. Ачыгын айтканда, армяндар азербайжандарга уткуруп койууну намыс көрүштү cыяктанат.

Көзкарандысыз өлкөлөр шериктештигинин 2005-жылкы кубогунда «Нефтчи» «Пюникти» 2: 0 эсебинде жеңип, еревандык футболчулар армян күйөрмандардын каарына калышкан.

Ошентип, 2008-жылкы Европа чемпионатында Азербайжан жана Армениянын улуттук командалары өз ара беттешеби? Эл аралык футбол федерациясы- ФИФАнын эрежесине ылайык, оюндан качкан тарап, жеңилди деп саналышы шарт. Бирок, ФИФА өзү да чүчү кулак кармоонун жыйынтыгына кабатыр болуп, кыйын абалдан чыгуунун амалын талкуулап көргөн сыяктанат. Мындай божомолубуз негизсиз болбосу үчүн, ФИФАнын басма сөз катчысы Уильям Гаярдын «Азаттык» радиосуна айткан сөзүн тыңдап көрөлү:

-Командалардын бири атаандаш команда менен ойнобойбуз деп чыкса, бирок экинчи жак ойногонду каалап жатса, арийне, биринчи команда мелдештен чыгарылат. Бирок эки команда тең бейтарап майданда ойногонго макулдук беришсе жана ушундай өтүнүч менен бизге кайрылышчу болушса, биз бейтарап өлкөдөгү талаанын коопсуздугун текшерип көрөбүз. Ал үчүн эки тараптын макулдугу жана өтүнүч каты зарыл.

Демек, Армения менен Азербайжандын футболчулары 3 жылдан кийинки Европа чемпионатында беттешеби же жокпу, ал Тоолуу Карабах чатагынын жөндөлүшүнө жараша болот деп айтсак, жаңылбайбыз. Экинчиден, оюндун болушу үчүн албетте, армениялык футболчулардын куру намысты коюп, тынчтык үчүн кол сунушу да керек экеннин КМШ өлкөлөрүнүн кубогу көрсөткөн.