КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АМЕРИКАНЫН ЭҢ КЕЛЕСОО АДАМДАРЫ, ВЕЛОСИПЕДДИН ТУУЛГАН КҮНҮ...

Майкл Жексон –Американын эң макоо адамы

Жыл сайын 1-апрелдин алдында элдин пикирин сурап билүү боюнча америкалык Корпорация өлкөнүн эң макоо адамдарын атайт. Быйыл бул наамга 4-жолу катары менен ырчы Майкл Джексон татыды. 1 миң 45 респонденттин 69 пайызы Джексондун айрым жоруктарын келесоолук деп табышты.
Ушу тапта Бахрейнде жашаган ырчыны акыркы жолу Дубаидеги базардан аялдын киймин кийип жүргөнүн көрүшүптүр.

Экинчи орунда Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни. Ал жакында аңчылыкта жүргөн жеринен кокусунан досуна көздөй атып жиберген.
2-орунду Чейни менен кошо Хилтон империясынын мураскери Пэрис ээледи.
Ал эми азыркы президент Жорж Бушту сурамжылоого тартылган америкалыктар 57 процент менен 3-сапка жайгаштырышты. Айтмакчы, 2 жыл илгери ал 48 процент алган.


6-апрелде велосипеддин туулган күнү белгиленди

1818-жылы Парижде барон Шарль де Дрез дүйнөдөгү биринчи велосипедди тартуулаган. Ал жыгачтан жасалган. Бирок алгачкы велосипедде педаль жок болчу, айдоочу аны буту менен түртүп жүрчү. Буга карабай, дал ошол унаа азыркы велосипеддин атасы деп саналат.


Мехикодо 1 жарым миң жыл илгери курулган пирамида табылды

Ал чоңдугу жана курулушу жагынан Теотихуакин деген жердеги “Айдын пирамидасына” абдан окшош. Теотихуакан Мексиканын баш калаасынан алыс эмес жерде орун алган. Ал өлкөдөгү эң ири байыркы шаар. Археолог Хесус Санчестин айтымында, жаңы табылган пирамида калааны негиздеген адамдар тарабынан тургузулган. Ал табынуу, ар кандай диний жөрөлгөлөрдө пайдаланып келген.





Улуу Кытай дубалы космостон көрүнбөйт

Бул жөнүндө былтыр октябрда космоско барып келишкен кытайлык астронавттар же тайконавттар Фэй Цзюньлун менен Не Найшен билдиришти. Тайконавттар жакында Шанхай шаарында мектеп окуучулары менен жолугушушту. Баса, “тайкун” кытайча “космос” дегенди билдирет.
Улуу Кытай дубалын космостон да көрсө болот деген уламыш Кытайда көпкө популярдуу болуп келген. Америкалык астронавттар дүйнөдөгү эң ири курулушту табалган жокбуз дегенде, кытайлыктар аны калп дешкен. Бирок жергиликтүү космонавттар да америкалыктардын сөздөрүн бышыкташты.
Улуу Кытай дубалы 3-кылымда Цинь династиясы тушунда тургузула баштаган. Азыр анын айрым жерлери эле калган. 1987-жылы БУУ дубалды дүйнөнүн маданий мурастарынын тизмесине киргизген.