ОТУЗ ЖЕТИ МИЛЛИАРД ДОЛЛАР – СООПЧУЛУККА

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 2-сапты ээлеген Уоррен Баффетт соопчулук иштерине 37 миллиард доллар жумшамай болду. Мындан да таң калычтуу кабар – бул каражаттын 30 миллиарды Майкрософттун негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң бай адамы Билл Гейтс түзгөн кайрымдуулук фондуна берилмекчи.
75 жаштагы Уоррен Баффетт кайрымдуулукка байлыгынын 80 процентин жумшаарын жарыялап, көптөрүн шок абалда калтырды. Буга чейин АКШда гана эмес дүйнөдө да эч ким мындай көлөмдөгү акчаны соопкерчиликке берип көргөн эмес.

"Анын байлыгы ушу тапта 44 миллиард долларга барабар, 37 миллиардын Баффетт кайрымдуулукка берип жатат,"- дейт “Fortune” журналынын редактору Эрик Пуулей.

Бирок сенсациялык жаңылык муну менен эле чектелбейт. Миллиардер өзү билдиргендей, 30 миллиард долларды Билл Гейтс түзгөн кайрымдуулук фонду алат.

Анын бул жарыясы дүйнөдөгү эки эң бай адамдын жакыш достук мамилесинен кабар берет.

Гейтс Баффеттин инвестициялык компаниясы боюнча шериги. Баффетт Гейтстин жубайы менен кошо Вашингтон пост компаниясынын кеңешине мүчөлүк кылат.

16-июнда Майкрософттун түптөөчүсү жана төрагасы Гейтс корпорациядагы күнүмдүк ишинен баш тартып, соопчулук менен көбүрөөк алектенээрин жар салган:

"2008-жылдын июлунан баштап жеке приоритеттеримди бир аз өзгөртүүнү чечтим. Азыр мен бүт күн Майкрософтто иштеп, Гейтс фондунда бир нече саат арнайм. Эки жылдан кийин болсо фондго көбүрөөк көңүл буруп, Майкрософттун төрагасы жана башкы техникалык кеңешчиси болуп бир нече саат эле иштейм",

Гейтстин байлыгы 50 миллиард долларга жетет.
Ал түзгөн дүйнөдөгү эң чоң кайрымдуулук уюму саламаттыкты сактоо, кедейликти жоюу, жакыр өлкөлөрдө технологияларды өнүктүрүү өңдүү иштер менен алектенет. АКШда фонд билим берүү жана коомдук китепканалардагы технологияларды өнүктүрүү тармагында иш алып барат.

Баффетт уюмга анын болчок кубатын арттырууь үчүн жардам берүүнү чечкенин айтат. 2005-жылы Гейтстин фонду кайрымдуулукка 1 миллиард 36 миллион доллар жумшады.

Байлыгынын калган бөлүгүн Баффетт өзү жана маркум аялы түзгөн корго, ошондой эле эки баласынын фонддоруна бөлүп берүүгө убада кылды.

1998-жылы CNN компаниясынын негиздөөчүсү, медиамагнат Тед Төрнер БУУна 1 миллиард доллар берген.

Кайрымдуулук уюмдары Баффеттин жарыясын кубаттоо менен кабыл алышты, алар миллиардерден башка бай адамдар да үлгү алышат деп үмүттөнүшөт.

Сүрөттө : 50 миллиард доллар байлыгы бар Билл Гейтс