ГРУЗИЯНЫН ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ ШАЙЛОО САЯСИЙ ТҮС АЛДЫ

Жакында Грузияда өлкөнүн футбол федерациясынын президентин шайлоо төрт күндүн ичинде эки ирээт өткөрүлдү. Шайлоонун кайталанышы, эки ирээт эки башка адамдын жеңип чыгышы Европанын футбол ассоциациясы - УЕФАнын көңүлүп буруп, шайлоого саясатчылар кийлигишти деген жоромолдорду жаратпай койгон жок.
Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы – ФИФАнын май айындагы рейтингинде Грузия 199 өлкөнүн ичинен 92 орунда турат, Кыргызстандыкы 153 –орун. Бул өлкөнүн футбол федерациясынын президенттигине 13-майда мурдагы футболчу, бийликтеги саясий уюм- Улуттук кыймылдын мүчөсү, Тбилиси шаардык кеңешинин депутаты Георги Немсадзе шайланган эле. Бирок ал бир нече сааттан соң эле кайра кызматтан кетээрин жарыялады.

Экинчи шайлоо 17-майда өткөрүлдү. Анын натыйжасында федерацияны мурда жетектеп келген Нодар Ахалкатси өз ордунда калды. Ал мурунку шайлоодо уттуруп койгон эле. Федерация башка талапкердин катышуусуна жол берген эмес. Ал эми мурунку шайлоодо утуп алган Георги Немсадзе экинчи ирээт талапкерлигин койбоду. Нодар Ахалкатси федерация президеттигине кайра шайланган соң "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Тбилисидеги кабарчысына буларды айтты:

-Футбол дүйнөсү бүгүн өз тандоосун жасады. Баардыгы Грузия футболунун пайдасы, Грузиянын өнүгүүсү үчүн жасалды. Себеби футбол өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү компоненттеринин бири болгон жана болушу керек.

Анткен менен көпчүлүк грузиндер федерация президентинин мындай оптимисттик көз карашын бөлүшө бербейт саяктуу. Шайлоо айланасындагы окуялар коомчулукта карама-каршы көз караштарды жаратты. Көпчүлүк баяндамачылар шайлоонун эки ирээт өткөрүлүшүн бийликте турган Улуттук кыймылдын ичиндеги эки кландын ич ара күрөшүнүн белгиси катары баалашууда.

Грузин парламентинин шайлоо жараянына олуттуу таасир көргөздү деп болжолдонгон депутаттарынын бири Гига Бокерия "Азаттыктын " грузин кызматына мындай айыптоолорду төгүндөдү:

- Мен талапкерлердин кимдир бирөөсүнө өкмөттөн кысым болду деген көз караштарды жокко чыгарам. Муну жөн эле ушак деп атоо туура болот. Мен аларга олуттуу мамиле кыла албайм. Мен ал тууралуу билбегендиктен кандай конкреттүү ушак-айыңдар тарагандыгын айта албайм.

Европанын футбол ассоциациясы – УЕФА эгер жергиликтүү федерациясынын ишине бийликтин кийлигшүүсү байкалса, ал өлкөнүн мүчөлүгүн токтотуп коюу укугуна ээ. Андыктан, кайра шайлоого УЕФАнын өкүлү байкоо салды. УЕФАнын маалыма катчысы Томас Гиорданонун "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматына билдиргенине караганда, тыянак алдыдагы апталарда белгилүү болот.

- Биз бул маселени азыр комментарий бере албайбыз. УЕФАнын байкоочусу Тбилисиде жүрөт жана алдыдагы апталардын аралыгында биз көбүрөөк маалыматка ээ болобуз деген үмүттөмүн.

Айтор Грузиянын футбол федерациясындагы жагдайга УЕФА аралашаар-аралашпасы азырынча белгисиз.