ЖАКШЫ ПАДЫША МЕНЕН ЖАМАН ПАДЫША

Бул сыяктуу окуялар убагында кадимки эле турмушта болуп, эл оозунда айтыла берип, кийин муундан муунга көчүп олтуруп уламышка айланып кеткен. Кезинде ай-ааламдын чаңын көккө сапырган улуу Чыңгызхан менен Аксак Темир да бийликке келери менен жерин кеңейтип, элин көбөйткөн…
«Агым» гезити айрым депутаттардын Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнө орун берди. Депутат Азимбек Бекназаров, илгери бир кытай акылманы: «Мыкты падыша болсоң Жериңди кеңейт, Элиңди көбөйт, орто падыша болсоң, Жериңди кемитпей сактап кал, Элиңди коргоп кал, жаман падыша болсоң, Жериңди сат, Элиңди тентит» деп айтканын келтирип, мунун далили катары канчалаган жери туруп казактын жакшы падышсы Назарбаев алакандай жери бар Кыргызстандан 4 пансионатты, Каркыра жайлоосун, Токмоктун айланасынан 12 гектар жерди, жадакалса Жамбылдын жанындагы Маймактан карьерди бергиле деп сурап жатканын, дагы бир жакшы падыша Каримов, өз кандаштарын Өзгөнгө, Ошко, Сузакка жиберип, өзбектер көбөйсүн, автономия сурагыла деген саясатын улантып келатканын, ал эми президент Бакиев кечээ парламентке келгенде, Аскар Акаев деле Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтерин курган экен, эмне үчүн мен Камбар Ата ГЭСин кура албайм деп айтат го деп ойлогонун, бирок андай сөздүн ордуна оозунан саталы деген сөз чыкканын, Акүйдө кандай балакет барын билбей атканын, анткени ал жерге барган кишинин баары эле «сатыш керек» деп сайрап каларын айтса, депутат Өмүрбек Текебаев, Камбар Ата ГЭСине Бакиевдин күчү жетпегенинин себеби барын, анткени казак президенти атайлап келип акыл үйрөтүп кеткенин, эми айрым депутаттарды Астанага чакыртып алып жарга такап, силерди бир гана максат менен чакырдык, ал Ысыккөлдөгү 4 пансионатты жана Камбар Ата ГЭСтерин бергиле дегенин, балким беребиз деп Назарбаевге Бакиев убада берип койгонун, бирок парламент андай убада бербегендигин, анан Назарбаев биз деген байбыз, 19 миллиард долларыбызды Грузияга чыгардык деп мактаныч кылганын, эгер ал ушунчалык бай болсо, анда эмне үчүн президент башы менен беш жылдан бери 4 пансионатты бекер бергиле деп сурап жүрөт деп суроо койгон депутат Текебаев жакында Базар Коргондо бата болуп, ал жакка энергобарон аталып жүргөн Шершов мырза машина менен барганын, бирок кайтарында кыйналып калыпмын деп аэропортко чалып, самолет алдырып, самолет менен учуп кеткенин, бүгүн өлкөнү ушул өңдүү эрке талтаңдар талкалап атканын, кезинде 70 пайызы Кыргызстанга калат деп кол чаап макул болгон Кумтөрдөн да, дыйкандарыбыз жыргайт деп курган тамеки заводунун 51 пайызы колдо деп дуулдап, мындан да кол жууганыбызды, эми Бакиев президент башы менен энерготармакты көзөмөлдөй албай калдык, саталы деп жатканын, 97 пайызы колдо турганда көзөмөлдөй албаган тармакты 51 пайызы калганда көзөмөлдөй алабызбы, ошондуктан бүгүн депутаттар да, Бакиев да, Атамбаев да түбөлүктүү эмес экендигин, чириген он-он беш жыл бат эле өтөрүн, бирок «эл башы болгончо суу башы бол» деген кыргыздын улуу сөзүн жүрөктөн чыгарбай, ГЭСтерди сатып жиберүүдөн сактап калуу керектигин баяндады.

«Кыргыз руху» гезити да энерготармакты башкаларга сатуу маселесине кайрылып, Кыргызстан 17 жылдан бери депутат Азимбек Бекназаров айткандай «сатам» деген гана сөз менен жашап келатканын, Буга Сох, Үзөңгү Кууш, Жерүй, Андаш, Ысык Көлдүн жээктери… Эми Энергетика тармагы, ГЭСтер күбө болорун эске салып, эринен ажыраган аял деле ар жак, бер жагын ойлоп иш кыларын, ал деле алгач төркүн-төсүнөн, өң-тааныштарынан карыз алып кыймылдарын, ал эми алакандай Кыргызстан ошончо боло албай жатканыбызды, качан болсо эле спонсор күткөн бойдок аялдай болуп инвестор издеп жүргөнүбүздү, антели десек карыз албаган жер калбаганын, карыз үчүн бийлик эми элдин башын барымтага коюп жатканын жазды.

Майлуу Суу шаары бүгүн экологиялык кадыр-барктуу деген уюмдардын эсебинде дүйнөдөгү эң эле булганды деген 10 шаардын катарына кирет. Анткени бул аймакта жашоого зыяндуу 2 тоннага жакын иштетилген тоо кен таштандылары көмүлгөн 23 уран көрүстөнү бар. Бирок геологиялык илим доктору, германиялык Хаген Вунтер Юнгдун айтымында жашоого болот. Жергиликтүү калк шаар казынасына 95 пайыз каражат берип турган Майлуу Суу электрлампа заводун кайрадан иштесе деп каалайт. Заводдун токтоп калганы шаар жашоосунун токтоп калганына барабар болду. Ансыз да радиациядан азап-тартып, жашоонун кыйынчылыгына онкологиялык оорулар кошулганы аз келгенсип, экс-генпрокурор Камбаралы Коңгантиев өз шаарына диверсия жасады, деп жазды «Коррупция жана Радиация же Коңгантиев өз шаарын кантип нокаутка сокту» деген макаласында «МСН» гезити.