АКЫЛСЫЗ ШААР ЖАНА АКЫЛМАН КЕЛЕМИШТЕР ТУУРАЛУУ ИКАЯ

«Общественный рейтинг» гезити, байыртан эле «Базар-Чыгыштын жүзү» деген ылакап кеп жашарын, чынында эле жуулбаган, таралбаган, качан барба каны-жини аралашып, саңырсып жаткан Ош базары- бүгүнкү Бишкектин анык жүзүн айныксыз көрсөтүп турарын, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммитине карата тартипке салмакчы болгон базар бардагына шаар бийлигинин алы жетпей жатканын, башкасын жөн кой, Ош базарын ордого айланткан 1 келемиш бир айда 18ден төлдөөрүн, капкан, тузак, уу коюлган жерлерди илгиртпей билген келемиш кандай гана коркунуч болбосун камырдан кыл суургандай качып кутуларын, анын тамак-аш рационуна азык-түлүктөн тышкары металл зымдары менен пластиктер да кирерин, баарынан кызыгы келемиштин интеллекти базаркомдун интеллектинен алда канча жогору экендигин «Шоу для ШОС» деген макаласында жазды.

2007-жылдын 10-июлунда биздин өлкөнүн антиконституциялык төңкөрүш жолу аркылуу өлкөдөн чыга качкан Акаевдин ордуна ошол кездеги эйфорияга алдырган шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен шайланган президент Бакиевдин бийликке келгенине туура эки жыл болот. Дароо эле айтып коюу керек, өлкө турмушунун эки жылдык жыйынтыгы көрсөткөндөй бул добуш берүү биздин элдин дагы бир тарыхый жаңылыштыгы болду. Азыркы президент биздин өлкө үчүн да, биздин эл үчүн да өзүнүн көптөгөн сапаттары менен татыксыз экендигин көрсөттү. «Де-факто» гезитинин бүгүнкү санына ушундай деп жазган коомдук ишмер Касым Исаев, президент К.Бакиев менен премьер-министр А.Атамбаевдин тандемине арнаган макаласын «Эки чокой-бир түгөй» («Два сапога-пара») деп атады. Макала орус тилинде жарык көрдү. Гезит мындан тышкары депутат М.Мукашевдин, ишкер Т.Мадияровдун ойлоруна да орун берген.

«Лица» гезити жарык көргөн макалаларынын көбүн 2002-жылдагы кандуу Аксы окуясын эскерүүгө арнады. Айтылуу укук коргоочу Турсунбек Акун, эгер ошол учурда ал болбогондо Ракишев, Токобаев, Кулуев, Осмонов дегендер тирүү калмак эместигин, эл аларды тытып кетмегин, депутат Дооронбек Садырбаев, аксылыктар жашырып бер деп ага берген кассета үчүн Американын Кыргызстандагы элчиси чоң суммада акча сунуш кылганын, депутат Азимбек Бекназаров, Аксыдагы 18-19-март күндөрүндөгү окуяларга ошондогу комендант генерал Садиев жооп бериши керектигин кеп кылган. Гезит мындан тышкары депутат Камчыбек Ташиевдин макаласын жарыялады. Макаласында автор бала кезинен ушул кезге чейин басып өткөн жолуна сереп салат. Камчыбек мырза ошондой эле Башмыйзам тууралуу оюн билдирип, ноябрь Конституциясында көпчүлүк саясатчылар, министрлер, депутаттар, президент жаңылыштык кетирсе, декабрь Конституциясында өзү жана өзүнүн шериктештери жаңылыштык кетиргенин айткан.