ЭШИМКАНОВ ЭЛЧИЛИКТЕН ЭМНЕГЕ БАШ ТАРТТЫ?

- Чындап келгенде бул боюнча азырынча ырасмий маалыматтар жок, бирок уу-дуу сөздөр батпай баратат. Оюн айтып берүүсүн сурансак өтүнүчүбүздү Мелис мырза жоопсуз калтырды,- деп кабарлаган «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити, М.Эшимканов элчилик кызматтан бийлик анын апрель митингиндеги шериктештери Ф.Куловду, Ө.Суваналиевди, Ө.Абдырахмановду жана А.Айтикеевди куугунтуктап келаткандыгы үчүн баш тартканын билдиргенин маалымдады.
Эми мындан ары кандай болорун, ал кайрадан оппозициянын туусу алдында турабы же жокпу аны алдын-ала болжоп айтуу эртелик кыларын белгилеп, Мелис Эшимканов деген Кыргызстандын ички саясий турмушун эң эле так аныктай ала турган барометр, анын отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй келаткандыгын да ушуну менен түшүндүрсө болот. Бул адамдын саясаттагы боло турган нерселерди алдын ала туя биле турган желмогуздукунан да тирукмуш күчтүү «жыт алуу» сезимдери бар, деп жазды. Эшимкановдун дипломаттык кызматтан баш тартышынын дагы бир себебин президент Бакиев менен премьер-министр Атамбаевдин ортосунда болуп кеткен ыйкы-тыйкыдан да издешүүдө. Мына ушундан улам Атамбаев Мелисти элчи болуп барбай эле кой деп суранып, тигил макул болгонун айтышууда. Бул окуя боюнча оюн билдирген ЖК депутаты Ө.Текебаев, алар мурда эле Мелистен бул кызматка макулдугун бербөөсүн суранганын, эми Мелистин чечими акыркы чечим экендигин, мындан ары Акүй менен соодалашуу болбой тургандыгын айтты. Ушул эле гезит Кароол Чокуну казам деп каргышка кала тургандардын кара тизмеси түзүлгөндүгүн, алардын арасында бийлик тепкичинин эң жогорку орундарында олтургандар, «Анима Мунди» диний академиясынын бүтүндөй жамааты, Мамлекеттик катчы А.Мадумаров, президенттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Ч.Абыкеев өңдүүлөр бар экенин, Жалалабат облусунун тургундары нандын кымбаттап кетишине катуу нааразы болуп, президент алардын күткөн үмүтүн актабаганын, эгер кымбатчылык жоюлбаса күзүндө «нан козголоңуна» чыгышаарын баяндады.

«Алиби» гезити «Ата Мекен» партиясынын жетекчиси, депутат Ө.Текебаев менен баарлашкан. Текебаев мырза бүгүнкү бийликтин туу чокусунда ырым-жырымга, мистикалык кубулштарга ишенген адамдар көбөйгөнүн, тагыраак айтканда аркы дүйнө менен сүйлөшкөндөр, Иисус Манастын баласы дегендер Акүйдө арбыганын айтып сындаса, дагы бир депутат Б.Шерниязов Кароол Дөбөнү казуу аракети 99-жылы да болгонун, бирок аны да өзү чуркап токтотконун, азыркы казуу ишин Чолпонбек Абыкеев мырза Мамкатчы Адахан Мадумаровдун катына таянып алып казып киргенин, тиешелүү документтерди көргөзүп бийликти жарга такагандан кийин гана Акүй ырасмий билдирүү жасап уруксат бербегенин айтканын, эми бул бойдон эле иш токтоп калбасын, ак боз ат союлуп, куран окутулуп, казылган жер кайра көмүлөрүн, Кароол Чокуга доо кетиргендердин жоопко тартылышын талап кылышарын айтканын жазып чыкты. Гезит мындан тышкары абакта жаткан Ж.Арыкованын жакындары нааразылык пикетине чыкканын, Бишкекте өткөн саясый акцияларга катышып, ушул жылдын 15-апрелинде Нарын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайында каза болгон Б.Акуновдун сотуна байланыштуу иштер тууралуу да сөз кылды.