Дүйнө коомчулугунун көңүлү ушу кезде Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине бурулуп турганын, уюмдун ичинде Кыргызстан аянты боюнча да, калкынын саны боюнча да кичинекей өлкө экенин, илгери эле орус саякатчысы Семенов-Тяньшанский Түштүк Чыгыш Азияны Кытайдын дарбазасы деп атаганын, кубаттуу державалар биздин жерге аскердик базаларын, армиясынын айрым бир бөлүктөрүн жайгаштырууга, ар кандай долбоорлор аркылуу капиталын салууга жан үрөп атканын, ошол эле учурда Кыргызстан бардыгына жаман көрүнгүсү келбеген, бардыгына жаккысы келген өлкө болууга болгон аракетин жумшап келатканын, бирок мындай самынташ саясаттын үстүндө ал канчага чейин кармалып турарына көзү ачыктык кылуу кыйын экендигин жазды «Новый Кыргызстан» гезити.
Белгилүү саясат таануучу Т.Какчекеевдин байкашынча Кыргызстан кимдин колун кармап, кимдин этегине намаз окууру дал ушул саммитте чечилиши мүмкүн.
Эл ичинде Курманбек Бакиев деген гезит окубайт экен, ошон үчүн жаңылыктар ага жетпей жүрүптүр деген сөз таптакыр бекер тура, көрсө президентке маалымат дегенди жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп бериш керек экен. Анткени биз, гезитибиздин жүзүнчү санында чыныгы дипломат деген кандай болушу жөнүндө жазган элек. Ошондон аз өтпөй эле мамлекет башчысынын «Кыргызстандын дипкызмат органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жөнүндө» жарлыгы жарык көрдү деп жазган гезит, демек жарлыкка ылайык мындан ары бул сыпайы кызматка дипломаттык тажрыйбасы бар профессионал адамдар гана дайындаларын, алардын адамдык сапаттары, чет тилдерди билгендиги эсепке алынарын кошумчалап, ушул талаптарга жооп бербеген-Великобританиядагы элчи Кубан Мамбеталиев, АКШдагы элчи Замира Сыдыкова айым чакыртылып алынар бекен, деги эле бул тармак качан тартипке салынар экен деп маселе койду. Ушул эле гезит Кыргызстандын саясый турмушу парламент эс алуудан кайтып келген сентябрдан тартып кайра күчөрүн, айрым бир байкоочулардын аныктамасына караганда парламент тарткатылат экен деген сөздөр чыга баштаганын маалымдады. Кезинде оппозициялык маанайдагы бир топ депутаттар тарап кетүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Өкмөттү карап өзөлөнгөн «Эркиндик» партиясы өткөн жылы парламентти таратуу үчүн кол топтоо өнөктүгүн өткөргөн. Саясат таануучу Александр Князевдин байкашында, парламентти таркатуу менен бийлик өз позициясын бекемдеп алууга шарт түзмөк, ансыз деле эл анын таркатылышына кабагым-кашым дебейт. Ал эми Токтогул Какчекеев бийлик админстративдик ресурстарды колдонуу менен парламенттик бийлик партиясынын жана президенттик күчтөрдүн келишине жан үрөйт десе, дагы бир саясат таануучу Тамерлан Ибраимов, бүгүн парламентти таркатууга эч кандай себептер жок деп эсептейт. Депутат Темир Сариевдин айтуусунда парламентти таратуу үчүн 75 депутаттын 51и добуш берүүгө тийиш, бирок көпчүлүк депутаттар муну колдобойт. Гезит булардан тышкары Оштун Кара-Суу районунда ВИЧ инфекциясы менен дагы 4 бала катталганын, мектептерде кышка карата көмүр түшүрүү иштери начардыгын, акчасын жаап-жашырбай декларациясына ачык-айкын көрсөткөн депутаттардын бири О.Артыкбаев экендигин, депутат мырза өткөн бир жыл ичинде 5,7 миллион сом иштеп тапканын, Кыргызстандын тарыхында Адахан Мадумаров биринчи жолу Манастын каргышына калган Мамлекеттик катчы болуп каларын, мындай наамды ага Кароол Дөбөнү казууга байланыштуу манасчылар менен таластыктар ыйгарганын кабарлады.
Парламент маселесине кайрылган «Заман Кыргызстан» гезити Жалал-Абад облусттук аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанованын айткандарын келтирген. Айчүрөк айым канча миң адам парламенттин таркатылбай жатышы үчүн президент Бакиевге нааразылыктарын билдирип жатканын сөз кылган.
Өлкөнүн кайгысын тарткандарга караганда бөлкөнүн кайгысын тарткан мамлекет опурталдуу деп айтышкандай нандын күтүүсүз кымбатташы Кыргызстандыктардын үйбүлөлүк бюджетинин түбүн түшүрүп кетти дешүүдө. «МСН суббота» гезити ушул маселеге макала арнап бүгүнкү күнгө дейре 275 гектар эгин аянты орулуп жыйналганын, мунун 196 миң гектары буудай экендигин, дыйкандар быйыл буудайды 50 миң гектарга аз айдаганын, ушунун баары эгин эгүү иши өзүн өзү актабагындыктын айынан чыгып аткандыгын жазды.
«Космольская правда Кыргызстан» гезити социалдык жактан коргоосу начар деген калк катмарын Кыргызстандын пенсионерлери түзөрүн, бүгүн ар бир адамдын бир ай жашай ала турган акчасынын көлөмү эң эле аз дегенде 2480 сом болсо, орточо пенсиянын көлөмү 950 сом экеендигин, ошон үчүн көчөлөрдө, базарларда, башка жерлерде тарамыштуу колдорун сунуп кайыр сурап олтургандар да ошолор болууда деп, жакында мына ушул кары-картаңдардын кайраттуу бөлүгү Бишкекте өзүлөрүнүн бизнес-долбоорун ишке кийиргенин, ал «Бабушка инкорпорэйтед» аттуу чоң энелердин соода түйүнү болгонун, бул жерде алар өздөрү колго токуп жасаган сапаттуу тор кийимдер менен балдардын оюнчуктары сатыларын кубанып кеп кылды.