Ооганстанда Иранга каршы акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кабулда Ирандын элчилигинин алдында жүздөгөн киши нааразылык жыйынга чогулуп, “Ооганстандан кол тарт” деп кыйкырып турушту. Чогулгандар элчиликтин имаратына жумуртка жана таш ыргытып, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын сүрөтүн өрттөштү. Иран Ооганстанга келаткан 2 миң тонна күйүүчү майды өткөрбөй койгон.