Эркиндикпи же ээнбаштыкпы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Парламенттеги бир катар депутаттар журналисттерди эркиндикти, демократияны ээн-баштык менен пайдаланып жатышат деп айыпташууда. Ал тургай социал-демократтар фракциясы атайылап жалган маалымат тараткан журналисттерге жазаны катаалдатчу мыйзам долбоорун сунуштап, бирок кескин сындан улам аны кайра чакыртып алды. “Ыңгайсыз суроонун” бул чыгарылышында журналисттерге жазаны катаалдатуу канчалык туура деген суроого жооп издедик.