Нарындык жаштар ордо ойнойт

Ар тарабы 10 кишиден турган эки команда чыгат. Киши башына бештен чүкө салынат. Хан эки чүкөгө барабар, демек, 10дон 20 кишиге 98 чүкө. Хан борборго 3-4 см чукул салынып, чүкөлөр айланта бөгүнөн тыгыз тизилет.

Эки команданын башчылары ортодон бирден ат чүкө тандап алышат. Ат чүкө койдун кынтыксыз сол чүкөсү болушу керек. Калчанган ат чүкө алчы, таа конушу кажет. Оңко турса же жантык консо жарабайт. Ат чүкөсү жалкы конгон тарап оюнду баштайт. Ар бир киши үчтөн оюн атат.

Аянты тапталган, таза, тегиз жер же атайылап кой жаткырылган сары короо. Борборго (жыдымак) аттын кылы байланган мык житире кагылат. Аркан же жип менен борбордон 7-9 метр (25-30 таман) аралыкта айланта чийилет.

Колдонулуучу куралдар: тоо текенин мүйүзүнөн чабылган абалак, тандалма чүкөлөр, кнопка көлөмүндөгү сөөктөн же жука калайдан жасалган хан, 40 см чий же зымдан калыс чен.

Топту же чүкөнү атуу үчүн абалакты оң колго кармап, сол бут менен чийинди туура басып, буттун тумшугун ата турган чүкө менен борборго түздөп, сол буттун таманын көтөрбөстөн атуу керек. Чүкө чыкса абалагын өзү чуркап барып алып, оюну жыдыбай ата берет.

Чийинге чукул чүкөнү атуу кадамак деп аталат. Кадамак топту же алыс чүкө аткан сыяктуу эле атылат. Чүкө чийинде же өтө чукул болсо, буттун аралыгы менен чүкөнүн аралыгы абалактын узундугуна 2-3 см кошкондой аралыкка коюп атуу керек. Атканда тизе жерге тийсе оюн жыдыйт. Чүкө артка чыгып кетсе жыдыбайт. Чүкө чыгып жатса же тооругандан кийин кадамак ата берсе болот.

Ордо оюнунда жеңишти камсыз кылуу чертмекчинин чеберчилигине байланыштуу. Топ атканда, кадаганда, тооруганда чүкө чыгып, абалак борборго, ханга, чүкөгө калыс чен жеткендей туруп калса, чертүүгө укук алат.

Абалак кырынан туруп калса жыдыбайт. Калыс ченди ичке түшкөн оюнчунун айтуусу боюнча абалак менен чүкөнүн эң чукул деген тушунан салат. Абалак жылып кетпес үчүн калыс бир колу менен абалакты басып, экинчи колу менен ченди салат.