Ошто көчмө клиника иштей баштады
Көчмө эмкана 500 миң АКШ долларына алынган.
Алгач Улуу Ата Мекендик согушка катышкан айрым ардагерлер текшерүүдөн өттү.
Клиникада 8 адис эмгектенип, 20дан ашык ооруга диагноз коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Каржылык көмөктү орус өкмөтү көрсөттү. Ал УЗИ, кардиограмма жана башка анализ чыгаруучу жабдыктар менен камсыздалган.
Мындан ары күн сайын Ош облусунун аймактарын кыдырып, аз камсыз болгондордун, кары-картаңдардын ден соолугу текшерилет.