Ош: “Жаштык” лагериндеги 19 үй-бүлө

Учурда лагердеги 19 үй-бүлө андагы беш корпусту ээлеп турушат. Алар мамлекет үй бербесе, лагерди бошотпой турганын ачык айтышууда.

2010-жылдагы коогалаңдан кийин түзүлгөн Турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия лагерди байырлагандарды коогалаңда олуттуу жабыркаган эмес деп, аларга үй берүүдөн баш тарткан.

Бирок азыр лагерде жашап аткан үй-бүлөлөр коогалаңга чейин батирлерди ижарага алып жашап жүрүшкөнүн жана топтогон мүлктөрү таланып кеткенин жүйө кылышып, Мамдирекция курган үйлөрдөн алууга укуктуубуз деп эсептешет.

Убагында алардын баарына дирекция тарабынан 50 миң сомдон төлөнүп берилген.