Ат-Башыда шырдак фестивалы өттү
Фестивалда жалпысынан 100гө жакын шырдактын түрү коюлуп, аны көрүүгө келген элдин саны анча деле көп болгон жок.
Фестивалдын алкагында мастер-класстар менен ар кандай конкурстар өтүп, ага жергиликтүү жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышты.
Фестивалды уюштурууга жергиликтүү бийлик 200 миң сомдон ашык акча жумшаган. Мындан тышкары эл аралык GIZ уюуму 150 миң сомдук колдоо көрсөткөн.
Былтыр бул фестивалга катышкан жалпы 1000ге жакын шырдак сатылып, алардын суммасы 1 жарым миллионго сомго чамалаган. Ал эми быйылкы жылы шырдак сатып алчу, кардарлардын деле тобу көп байкалбайт.
Фестивалдын ачылышында "Манас" эпосунан сахналаштырылган кыска сценка коюлду.