Аары багуунун азабы
Эркинбек Жусубалиев атайын бал тартуучу платформаны талаага алып барып, ошол жерге түнөп бал тартат.
Аарынын уруктары алгач нуслеоско сакталып, алар жетилгенден кийин бал челекке салынат.
Эркинбектин 32 бал челеги бар
Бир бал челекте 60 миңден кем эмес аары болот
1 бал челекте 10 бал чаптоочу кассета болот
Аары чагып албаш үчүн атайын беткап кийүү керек. Ошентсе да Эркинбек аары күнүнө жок дегенде 2-3 жолу чагарын айтат.
Бал челектеги ар бир кассетаны алып, андагы аарыларды тазалап, бал тартууга даярдалат.
Бал тартуу сезону жай мезгилинде июнь айынын аягынан август айынын соңуна чейин гана созулат.
Аарынын күчүнө жана отурукташкан жердин чөбүнө, гүлдөрүнө жараша бир бал челектен бир жумада бир жолу бал чапталат, эгер аарынын күчү жок болсо бир сезондо бир гана жолу чапташы мүмкүн.
Кассетанын бетиндеги биринчи катмар атайын бычак менен кырылып, андан соң медагонкага салынат
Забурс - (балдын кырылып алынганы) тиштин бүлөөлөрүнө пайдалуу жана тиштин түбүн бекитет, ошондой эле гайморитке да даба.
Медагонкага бал челектин 4 кассетасы батат.
Бал алуу үчүн медагонканы 10-20 мүнөт айлантуу керек
Бир бал челектен бир сезондо болжол менен 60-70 килого чейин бал тартылып алынат. Эгер аарылары күчтүү болсо, 150 килого чейин бал алынышы ыктымал.
Бир бал челектен бир жолу тартканда 27-30 кг чейин бал чыгат.
Эркинбек бир сезондо 1,5 тоннага чейин бал алат жана бир килограммын 300 сомдон сатат.
Өздүк гигиенаны сактоо үчүн ар бир бал тарткан сайын Эркинбек колун жууп турат.
Аарылардын ачуусуна тийбеш керек. Алардан качып, же бир нерсе менен чаап чочутса адамды чаккандан кайра тартпайт.
Аары толук тамактаныш үчүн гүл өсүмдүгү көп өскөн талаага бал челектерди жайгаштыруу керек. Учурда чөп чабылгандыктан Нарындан Ат-Башыга аарыларын көчүрүүнү пландап жатканын айтат.