3-августта Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында түнкү саат ондордо катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чоң Кара-Коо жана кичи Кара-Коо коктуларын сел каптады.
Нарында сел жүрдү
Сел агындары Нарын-Ийри-Суу унаа жолундагы көпүрө түтүкчөсүнө батпай жолдун үстү менен агып, 20 турак жайды, анын ичинен беш турак жайдын жертөлөлөрүнө кирген жана бир бала бакчанын короо жайларын сел каптаган.
Ал эми Нарын шаарынын Москва аймагындагы тоонун түбүндө жайгашкан көчөнү да сел каптап, тоодон чоң таштар көчөгө агып келген. Учурда шаар бийлиги үй ээлерин короосун өздөрү тазалаганга чакырып, ал эми көчөнү баткак кургагандан кийин тазалап берерин айтты.