Нарын: кымыз жыттанган автобекет

Өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик мекеме болуп эсептелинет.

Учурда облус аралык жана айылдарга каттаган 33 каттам бар

Облус аралык түнкү автобустун беш каттамы бар. Алар билеттин 15 пайызын автобекетке төлөшөт.

Учурда облус аралык жана айылдарга каттаган 33 каттам бар. Беш жыл мурун эл аралык Үрүмчү-Нарын каттамы элдин талабы аз болгондуктан жабылып калган.

Автобекетте беш адам иштейт жана алардык айлык маянасы 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин.

Ашкананын иштебей калганына бир топ жыл болду. Учурда ашкананын ордуна жеке менчик эмерек салону ачылган.

Рейсин күткөндөр колго жасалган столдо пинг-понг ойношот.

Автобекеттин айланасында кымыз саткандар арбын. Алар кымыздын эң өтүмдүү жери автобекет болуп эсептелет дешет. Кымыздын литри учурда 40 сомдон.

Айланасында жеке менчик ашканалар да бар.

Даараткананын салынганына бир жылга чукул убакыт болду. Учурда элге 5 сомдон кызмат көрсөтөт. Буга чейин жүргүнчүлөр даараткананын жоктугунан убара тартып келишкен.