Нарында мал арзан
Адистер малдын баасы тышка эт экспорттолбой жаткандыктан улам, көтөрүлбөй жатканын айтышууда.
Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен эпизоотикалык абалдын начардыгынан эт-сүтүн сырткы базарга чыгаруу укугун ала элек.
Ал эми 1 боо чөптүн баасы талаадан 60-70 сом болсо, Нарынга жүктөп келгендер 100 сомдон сатышууда
Чөп базарда бир күндө 100-200 боо чөп сатылат. Өткөн жылы бир боо чөп 230-250 сом болгон
Сатуучулар бир боо чөптү 75 сомдон сатып алып кайрадан 100 сомдон сатышууда. Акыркы күндөрү соода болбой жатканын айтышат. Себебин быйыл чөптүн көптүгүнө байланыштырышууда.