Салтанаттар окуучуларсыз өтпөйт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош шаарынын 3015 жылдыгын белгилөөгө миңге жакын окуучу катышканы жатат. Быйыл май айында премьер-министр Темир Сариев Ошко келгенде аны күтүп турган окуучулардын бири эсин жоготуп кулап калган болчу. Ушундан улам өкмөт башчы мындан ары жогорку бийлик өкүлдөрүн тосуу-узатуу жана массалык иш-чараларга окуучуларды аралаштырууга тыюу салган эле. Ош шаарынын күнү 29-октябрда белгиленет.