Бишкекте журналисттер кайың тикти
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн Бишкекте дүйнөлүк басма сөз күнүнө карата журналисттердин тилектештик акциясы өттү. Ага катышкан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү борбор калаадагы Журналисттер аллеясына 50 түп кайың көчөтүн отургузушту. Ошондой эле журналисттердин кесиптик тилектештигин бекемдөө жаатында пикир алмашуу болду. Акцияга өлкөдөгү ар кыл басылмалардын 20дан ашуун өкүлү катышты.