Эпкиндин розалары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гүлдөрдүн падышасы болгон розаны үй шартында өстүрүп, пайда тапса болот экен. Аны Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылында жашаган орус улутундагы Жердевдердин үй-бүлөсү далилдеп отурат. Алар мындан 15 жыл мурун 25 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Анын үч гектарына жалаң роза тигип, учурда Орусия менен Казакстандын ири шаарларына эскпорттоп жатышат.