Көчмөндөр оюнуна жаштардан белек
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
11-августта Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай «Жаштар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдойт» аттуу флешмоб өттү. Демилгечи топ эски аянтта уюштурган флешмобго 200 адам катышты.
“Көчмөндөр оюндарынын логотибинин узундугу 30 метрдей сөлөкөтүн түшүрдүк. Бул иш-чара республикалык “Манас” жаштар ордосу менен биргеликте ишке ашты. «Флешмобдун башкы максаты - жаштарды биримдикке чакыруу жана Көчмөндөр оюндарын колдоо» деди флешмобдун демилгечилеринин бири Бекбай Тыныбек уулу.