Аскерде кызмат өтөп жаткан дагы бир жоокер каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 20-августта 2022 аскер бөлүгүндө катардагы жоокер (И.у.А.) асынып алганын билдирди.

Бул факты боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына кабар берилип, бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө башталды. Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2022 аскер бөлүгү Баткендеги Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан.

14-августта Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде күжүрмөн даярдык боюнча сабак учурунда контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчысы (Б.Б.Т.) каза болгон. Аны ошол эле аскер бөлүктүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, атып алган.

16-июлда Жалал-Абад шаарында Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү бөлүгүнүн 20 жаштагы жоокери өз өмүрүнө кол салып, каза тапканы айтылган. Маркумдун жакындары ал ур-токмоктон жан бергенин айтып, арызданышкан.

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон окуялар буга чейин да бир нече жолу катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Саида Мирзиёеваны кабыл алдыУкраинанын Одесса жана Сумы облустары жапырт чабуулга кабылды Bloomberg: Он чакты өлкө Украинага аскер жөнөтүүгө даяр Кыргыз-тажик чек арасынын 70 км ашык жерине зым тартылдыМаркум Рысбек Акматбаевдин жансакчысы Литвадан кармалдыӨкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү жети айда 865,2 млрд сом болгонун айттыЖеңиш чокусунан 60тан ашык адам эвакуация болду