Салык кызматынын мурдагы башчысы менен орун басарынын камактагы мөөнөтү узартылды

Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-октябрга чейин узартылды. Мындай чечимди 15-августта Ленин райондук соту кабыл алганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычовду 2024-жылдын декабрь айында кармаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында суйлөгөн сөзүндө Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын, экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекетке алынарын айткан.

Абдувапов менен Кыдыргычевдин жакындары жана адвокаттары кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Аскерде кызмат өтөп жаткан дагы бир жоокер каза болдуПрезидент Жапаров Саида Мирзиёеваны кабыл алдыУкраинанын Одесса жана Сумы облустары жапырт чабуулга кабылды Bloomberg: Он чакты өлкө Украинага аскер жөнөтүүгө даяр Кыргыз-тажик чек арасынын 70 км ашык жерине зым тартылдыМаркум Рысбек Акматбаевдин жансакчысы Литвадан кармалдыЖеңиш чокусунан 60тан ашык адам эвакуация болдуӨкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү жети айда 865,2 млрд сом болгонун айтты