Эт эмнеге кымбат? Аткаминерлер кармалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
УКМК суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов баштаган бир нече жаран мал-жандыкты экспортко чыгаруудагы коррупциялык схемага шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана эттин баасын турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген. Азырынча кармалгандардын жакындары, адвокаттары иштин чоо-жайы тууралуу комментарий бере элек.