Британия "Капитал банкка" санкция салды, Жапаров аны адилетсиз деп атады

“Капитал банк”.

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди.

Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Улуу Британиянын санкциясына илинди.

Financial Times эл аралык басылмасы Garantex жана анын уландысы Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда жазып чыккан. Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган.

Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндалган.

Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.

Дагы караңыз Grineх криптобиржасынын Кыргызстандагы изи

Британия бул маалыматты бышыктап, сөз болуп жаткан криптобиржа Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды айланып өтүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

Лондондон санкциялык тизмесине бул финансылык схемага тиешеси бар делген GRINEX LLC, CJSC Tengricoin, Old Vector LLC, Altair Holding SA, A7A5 стейблкоиндин директору Леонид Шумаков жана Назарбек Жанышбек уулу аттуу адам да киргизилди.

“Капитал банк” Орусиягы салынган санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга тиешеси жок экенин, банктын иши Кыргызстандын мыйзамдарына, ошондой эле финансылык жөнгө салуу жана сактоо боюнча эл аралык талаптарга ылайык келерин маалымдады.

Жапаровдун жообу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын “Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар тууралуу комментарий берди.

Мамлекет башчынын маеги 21-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чыкты.

Президент Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген негиз менен 2025-жылдын январь айында АКШ “Керемет банкка” санкция киргизгенин, бирок бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин айтты.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге көз карандысыз аудитордук компанияларды жалдап “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели деген сунуш берилгенин, бирок ал андан баш тартканын билдирди.

“Эми минтип дал эле “Керемет банкка” Америка санкция салгандай “Капитал банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы, ИДӨбүз 11,7% чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да. Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр”, - деди Садыр Жапаров.

Жакында эле АКШнын Финансы министрлиги да Grinex аттуу криптобиржага санкция салган. Financial Times басылмасы Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.

Май айында президент Садыр Жапаров “Капитал банк” мамлекеттин, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштей турганын айтып “Орусияга санкцияны кыйгап өтүгө жардам берет” деген сөздөрдү четке каккан.

Дагы караңыз Амангелдиев: "Капитал банктын" молдовалык ишкер Шорго тиешеси жок

Ал эми август айында берген маегинде Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялык товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп жатканы тууралуу бир да факты жок экенин, тескерисинче, Орусияга санкция киргизген мамлекеттер өздөрү бул өлкө менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар экенин айткан. Ошондой эле “Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин” деген.

Илан Шор Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамына кирген. Ал Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.