Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Бишкек шаарынан облустарга каттаган таксилер.

Кыргызстанда 22-августтан тарта такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга милдеттүү түрдө лицензия алууга жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө 22-августтан тарта бериле баштайт. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.

Лицензиялоо ишин жөнгө салуу жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгынынын башчысы Нурдин Самбаев билдиргендей, лицензия үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон өткөн, машинесин жылына бир жолу техникалык кароодон өткөргөн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет.

Мындан тышкары лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.

Оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат. Нурдин Самбаев 19-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында 2024-жылы оң рулдуу машинелердин күнөөсү менен 1 506 жол кырсыгы катталып, андан 143 адам каза таап, дагы 2 299 жаракат алганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 27 миң мугалимге ноутбуктар берилдиЭл алган насыянын 60 пайызын турмуштук муктаждыктарга сарптаганКыргызстанда мал-жандыкты сыртка ташууга убактылуу тыюу салындыИюнь коогасы: 16 жылга соттолгон Абдуллаеванын иши кайра каралат